Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Сирияга кеткен үй-бүлөлөр көбөйдү


Алеппо шаары. Сирия. 4-февраль, 2015-жыл
Алеппо шаары. Сирия. 4-февраль, 2015-жыл

ИИМдин 10-бөлүмү “Антитеррор” операциясынын жүрүшүндө Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айлынын тургундары өткөн айда Сирияга кетишкенин аныкташты. 23 жаштагы күйөөсү менен кошо 20 жаштагы келин эки жана бир жаштагы наристелерин алып кеткен. Ушул эле айылдын башка бир тургуну өткөн жылдын январь айында Сирияга кеткени аныкталды. Кашкар-Кыштактагы дагы бир үй-бүлөдөн эки бир тууган Сирияга азгырылып кетишкен. Күч кызматтары акыркы убактарда Сирияга кетип жаткандардын ичинде үй-бүлөсү менен чогуу кетип жаткандар арбыганын баса белгилешет.

9-февралда ИИМдин 10-бөлүмү Ош облустук ИИБ менен чогуу Кара-Сууда он төрт дарекке тинтүү жүргүздү. Натыйжада бир катар тыюу салынган диний-экстремисттик адабияттар, Сириядагы согушка чакырык, Халифат курууга үндөө сыяктуу баракчалар, дисктер, китептер алынды.

Ош облусунун Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн районунан жана Ош шаарынан Сирияга кеткендер көп. Расмий маалыматтар боюнча облустун Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунан гана Сирияга азгырылгандар каттала элек.

Жалпысынан Кыргызстандан Сириядагы согушка кеткендердин саны 200дөн ашуун.(ZKo)

XS
SM
MD
LG