Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Керри Украинага курал берүү же бербөө маселеси жакында чечилерин айтты


Жон Керри жана Арсений Яценюк. Киев, 5-февраль, 2015-жыл.
Жон Керри жана Арсений Яценюк. Киев, 5-февраль, 2015-жыл.

АКШ Мамлекеттик катчысы бул тууралуу бейшембиде Киевде украин премьери Арсений Яценюк менен кездешкен соң билдирди:

- Президент Барак Обама бардык варианттарды, анын ичинде Украинага коргонуу системаларын берүү мүмкүнчүлүгүн да караштырууда. Бул талкуулар уланып жатат. Мен президент чечимди жакынкы убакта кабыл алат деген ишенимдемин. Бирок ага чейин мени менен, Европада сүйлөшүүлөрдө жүргөн башкалар менен кеңешет.

Жон Керри бейшембиде президент Петро Порошенко менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйында Орусияны Украинадагы кан төгүүнү токтотуу ниетин көргөзүп, былтыр сентябрдагы тынчтык планда белгиленген тилкеден оор техникасын чыгарып кетүүгө, жикчилерди аскерий жактан колдоону токтотууга, эл аралык чек араларды урматоого чакырды.

Керринин айтымында, Вашингтон жаңжал тынчтык жана дипломатиялык жол менен тынчышын көздөйт, бирок "Орусиянын танкттары Украинанын чек арасына кирип жатканда көз жуумп тура албайт".

Украинанын чыгышында былтыр апрелден берки уруштарда 5350дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Уруш күчөгөн 10-январдан бери БУУнун эсебинде, 240тан ашуун жай тургун мерт болгон.

Уруштун күчөшү үчүн Киев жана Батыш Орусияны айыптаса, Москва тескерисинче украин бийликтерин күнөөлөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG