Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:58

Аппарат жетекчиси менен министр араздашууда


Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жана Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев.
Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жана Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев.

Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча Жогорку Кеңештеги коалициялык кеңешке кайрылды.

Анын алдында жергиликтүү маалымат каражаттардын биринде баш прокурор Салянова Нарымбаевдин "саясий оюндарынын негизинде кызматтан кеткени" тууралуу юстиция министри Шыкмаматовго шилтеме берген маалымат жарыяланган. Шыкмаматов бул маалыматты жазган журналист менен болгон бейрасмий сүйлөшүүнүн мазмуну бурмаланган деп билдирди.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жеке мүнөздөгү баарлашууну жарыялап жибергени үчүн ошол журналистти айыптап жатат. Ошондой эле анда айтылган сөздөрдүн мааниси кескин бурмаланган деп билдирди:

- Мен мындай интервью берген эмесмин. Ал журналист менен жеке, эки адамдын ортосундагы сөз болгон. Анда "Данияр Нарымбаев баш прокурор болуп калышы ыктымал" деген божомолду айткам. Жеке мүнөздөгү пикир алмашууну диктофонго жаздырып алып, мазмунун бурмалап жарыялап жибериптир. Бул журналисттик этикага жатпайт. Данияр Нарымбаев мындай майда нерсеге көңүл бурбай эле койсо болмок. "Тигил муну минтип айтыптыр, ал мындай дептир" деген жума сайын эки-үч гезит чыгат.

Данияр Нарымбаев Шыкмаматовдон кечирим сурашын талап кылууда жана анын жоопкерчилигин карап, баа берүү тууралуу парламенттеги коалициялык кеңешке кайрылды. Макала даярдалып жаткан чакта Нарымбаев бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев парламенттеги коалициялык кеңештин мүчөсү. Ал буга чейин мындай чырлуу окуялар аталган кеңеште талкууланбаганын айтууда:

- Биздин тажрыйбада, мен катышкан коалициялык кеңештин жыйынында бир дагы жолу ушундай жагдай каралган эмес. Негизинен өлкө үчүн маанилүү маселелер гана каралышы мүмкүн. Маселен, коалиция жаңыдан түзүлүп жатканда, же болбосо Кумтөр өңдүү маселелерде саясий кеңеш жыйынга чогулган.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев Шыкмаматов менен Нарымбаевдин ортосундагы маселенин коалициялык кеңешке салып жатканын орунсуз деп атап, саясатчыларды ар кандай ушактарга көңүл бурбоого чакырды:

- Бул маселенин коалициялык кеңеште каралышы чынында баланын оюнундай болуп жатат. Журналисттер азыр эмнени гана жазбайт. Саясатчы болгондон кийин анын артынан ушак да, сөз да ээрчийт. Журналисттер жаза бериши мүмкүн. Бирок олуттуу саясатчылар муну кадыресе нерсе катарында карай билиши керек. Боло бере турган, айтыла бере турган сөз катары карашы керек. Жүйөлүүсү да, жүйөсү жогу да бар. Ошондуктан бул коалициялык кеңеш өңдүү расмий чоң орган карай турган, териштире турган жагдай эмес.

Анткен менен мындай пикирди колдобогондор да болууда. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун баамында, Нарымбаевдин Шыкмаматовго байланыштуу кайрылуусу коалициялык кеңеште каралышы керек:

- Айтылганга чейин жеке маселе болчу. Эми жайылып, жарыяланып кеткенден кийин бардык эле маселе мамлекеттик, же коомдук болуп калат да. Жарыяланып, “интриган” деп айтылып жатса менимче Данияр Нарымбаевдин кадамы туура эле. Кайрылгандан кийин кеңеште карайбыз. Эгер ал киши көңүл бурбайм деп кечирип койсо унчукпайт элек. Ал бизге атайын кайрылып жатса, Президенттик аппараттын жетекчисинин расмий кайрылуусун карабай койсок болбойт да. Жөнөкөй адамдардын деле кайрылуусун карап жатпайбызбы. Мамлекет ушундай нерселерден куралат, ушундай жагдайлардан бекемделет, келечеги аныкталат. Экөө тең базарда жүрүп айтышып кеткен кишилер эмес да.

Эмнеси болсо да бул жагдай боюнча эмки жумада коалициялык кеңеш жыйынга чогулганы жатат. Ошентип Аида Салянованын кызматтан кетиши күдүк ойлорду жаратып, табышмак бойдон эле калбастан, минтип эки аткаминерди да араздаштырды.

XS
SM
MD
LG