Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:54

Жыйырма миңдей майып бала билимсиз калууда


Акыйкатчы институтунун социалдык жана экономикалык укук коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлзина Асаналиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстанда катталган 27 миң майып баланын ичинен алты-жети миңдейи гана билим алат. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 15 билим берүү мекемеси болсо, аларда 1,5 миңден ашуун бала окуйт. Атайын бала бакчаларга эки миңден ашуун бала барат.

Асаналиева майып балдардын билим алуу укугу сакталбаганын, бул багытта кабыл алынган мыйзамдар иштебей жатканын белгиледи. (ZA)

XS
SM
MD
LG