Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Чеченстанда Мухаммед пайгамбардын карикатурасына каршы чыгышты


Грозныйдагы демонстрацияга миңдеген адам жыйналды. 19-январь, 2015-жыл.
Грозныйдагы демонстрацияга миңдеген адам жыйналды. 19-январь, 2015-жыл.

Бүгүн Гройзныйдагы башкы мечиттин жанына чогулган миңдеген адам "сезимдердин жана диний ишенимдердин шылдыңдалышына” каршылык билдиришти.

Орусиянын чогулгандарга мамлекеттик теледен түз кайрылган баш муфтийи Равил Гайнутдин “Биз Мухаммед пайгамбарды жакшы көрөбүз жана кимдер бирөө мусулмандардын диний сезимдерин кордоосуна жол бербейбиз”,- деп айтты.

Орусиянын баш муфтийи ошондой эле исламчыл согушкерлер жасаган кол салууларды айыптады.

Бир жыныстагы адамдардын никеге турушуна жол берген өлкөлөрдү сындап, Батыш диний баалуулуктарга шек келтирип жатканын ишара кылды.

Грозныйдагы демонстрацияга мусулман эмес динаятчылар да катышып, анын жүрүшүндө “Мухаммед жана Иса пайгамбар” деген үндөр жаңырды.

Чеченстандагы бүгүн уюштурулган акция Франциядагы “Шарли Эбдо” сатиралык журналына кол салынгандан кийинки окуяларга Орусиянын реакциясы болду окшойт.

Мухаммед пайгамбардын карикатурасын жарыялаган басылмага жасалган куралдуу кол салуу басма сөз эркиндиги боюнча талкууларды жараткан эле. (UE)

XS
SM
MD
LG