Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

“ИсманLife” акциясы 30 миң сом чогултту


"Исманга өмүр тартуула" акциясында чогулган акчалар. Ош, 18-январь, 2015.
"Исманга өмүр тартуула" акциясында чогулган акчалар. Ош, 18-январь, 2015.

Кечээ Ош шаарынын «Жапалак» унаа базарында өткөрүлгөн “ИсманLife” же “Исманга өмүр тартуула” аттуу акциясында 30 миң сом чогулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучуларынын бири Артурбек Тургунбаев кабарлады.

“Базардагыларга 300 чыны кофе, 200 чыны чай сатылды. Анан 10 кг. таттуу токоч саттык. Мындан тышкары жөн эле акча сунгандар болду. Жалпысынан 30 миң сом чогулду”, - деди Тургунбаев.

Мурдараак “Азаттыкка” "Марал ФМ" радиосунун Оштогу кабарчысы Исманали Муратов тууралуу макала жарык көргөн. Анда Исманали аттуу жигит альвеококкоз кесели менен ооруп, боорунун жарымын алдырганын, бирок врачтар аны менен бир жылча убакыт эле жашайсың дегени жазылган.

“Исманалинин аялы Мехригүл жакында эле төрөттөн операция болуп, жатынын алдырып, боюндагы алты айлык эгиз балдарынан айрылып калды. Операциядан соң жубайынын эки кулагы тең укпай калды. Исманалинин боорун чет өлкөдө алмаштырууга 80 000 АКШ доллары керек болуп жатат. Ошого азыр буга каражат топтоо боюнча IsmanLife аттуу акция баштадык эле”, дейт Тургунбаев.

Исманалинин достору эми Ош шаарындагы башка базарларда акция өткөрүп, февралда Ошто жана Бишкекте концерт уюштурмак болууда.

Исманалинин банктын эсеби: KICB BANK Муратов Исманали KGS 1280116013081812 USD1280116013258331 RUB1280116016359196 Же 2015 кыска номерине Ысман деп смс жазса 25 сом которулат. (МТо)

XS
SM
MD
LG