Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Бүгүнкү намазда балдарга карата зомбулук тууралуу кутпа окулат


Бул тууралуу фатваны Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максат Токтомушев чыгарды. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү жума намазда туугандарынан көргөн зомбулуктан улам, 11-январдан бери Бишкектеги балдар ооруканасында эсине келе албай жаткан 2 жашар баланын окуясы тууралуу талкуулар болот. Жума намаздын катышуучуларына баланы кыйноо канчалык күнөө болорун, ал эми андай зомбулукка көз жуумп кайдыгерлик кылуу андан да чоң күнөө болору тууралуу маалыматтар берилет.

Мусулмандар дин башкармалыгы акыркы убактарда көбөйүп бараткан зомбулукка кайдыгер эместигин, балдардын токмоктолушуна, карыган ата-энелердин карып болуп, каралбай калуусуна жана башка үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарга кабатырлыгын билдирген. Муфтияттын маалыматында “Ислам дининде кимди гана болбосун кыйноого, кемсинтүүгө жана басынтууга тыюу салынган. Мухаммед пайгамбар өзүнүн хадистеринде чыныгы мусулман башкаларга колу менен да, сөзү менен да залал келтирбесин айткан” деп жазылат.

11-январда Бишкектеги балдар ооруканасына туугандарынан запкы жеп, зордукталган эки жашар наристе жеткирилген. Азыркыга чейин эсине келе албай жаткан балага зомбулук көрсөттү деген шек менен анын аталаш тууганы жана анын аялы камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG