Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:15

"Вечерний Бишкек" боюнча шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырды


Буга чейин Биринчи май райондук соту өз чечими менен “Рубикон” жарнак бөлүмүнүн элүү пайыз акциясы бизге таандык деп эсептеген Александр Рябушкиндердин үй-бүлөсүнүн арызын канааттандырып берген болчу.

Бүгүн Бишкек шаардык сот ошол чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Вечерний Бишкек" басылмасы өзүнүн сайтында кабарлады.

“Вечерний Бишкек” гезити басылманы рейдерлик жол менен тартып алганы жатат деп президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду айыптап чыккан. Гезиттин жамааты Рябушкиндин артында Фарид Ниязов турат деп шектенип жатышат. Фарид Ниязов “Вечерний Бишкектин” айыптоосун четке кагып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG