Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Атамбаев Франциянын президентине көңүл айтты


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Франсуа Олландга “Шарли Эбдо” журналынын редакциясындагы терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Анда өлкө башчысы, адам өмүрлөрүн алып кеткен «Шарли Эбдо» журналынын редакциясындагы теракт жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан эл аралык коопсуздукка жана жарандардын бейпилдигине коркунуч келтирген экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт билдирген. Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишине тилектеш.

Кечээ, 7-январда Францияда сатиралык журналга кол салууда бери дегенде 12 киши набыт болгон. Парижде чыгуучу Шарли Эбдонун (Charlie Hebdo) редакциясындагы атышууда курман болгондордун экөө тартип коргоочулар. Президент Франсуа Олланд кол салуу болгон жерге келип, чабуулду «терроризм» деп баалады. (TSh)

XS
SM
MD
LG