Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Орусияга миграциянын агымы 70% азайды


Федералдык миграция кызматы муну жаңы жылдан тарта киргизилген талаптарга байланыштырууда. Анткени Орусияда эмгектенүү үчүн сатып алуучу патент эгер мигрант орус тили, тарыхы жана негизги мыйзамдарды билери тууралуу сынакты тапшыра алса гана берилет.

Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановскийдин “Интерфакс” агенттигине билдиргени боюнча, акыркы учурларда Орусияга Борбор Азиядан келген мигранттардын саны азайганы байкалууда. Ошол эле учурда Украина, Молдова, Кытай, Түштүк Корея, атүгүл Түндүк Кореядан келгендердин саны арбыды деп айтат Ромодановский.

Орусия 2015-жылдын 1-январынан тартып, өз аймагында иштөөнү каалаган мигранттарга патент системасын киргизген. Ага ылайык, мигранттар орус тилин, тарыхын жана негизги мыйзамдарын билүүгө тийиш. Мындан тышкары ар бир мигрант өзүнүн маңзатка көз карандысыздыгын жана ВИЧ илдеттүү эместигин тастыктаган медициналык маалымдамага жана медициналык камсыздандыруу баракчасына ээ болуусу керек.

Айрым маалыматтар боюнча мигранттардын Орусиядан массалык кетүүсүнө рублдин арзандашы жана ушундан улам экономикада пайда болгон кыйынчылыктар себеп болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG