Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:43

Садыр Жапаровдун китебиндеги "чындык"


Экс-депутат Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китеби.
Экс-депутат Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китеби.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китеби коомчулукта эки ача пикир жаратты. Айрымдар Жапаровдун жазгандарын жалаа десе, башкалар китептеги фактылар териштирилиши керектигин айтууда.

Интернетке жайгаштырылган “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу чакан китепте 2005-жылдан берки Кыргызстандын саясий турмушундагы урунттуу окуялар, жогорку кызматтагы адамдардын ачык жана көмүскө иш-аракеттери тууралуу сөз болот. Бир топ аткаминерлерге айып коюлуп, дооматтар айтылган.

Китепте жазылган маалыматтар боюнча экс-депутат Садыр Жапаров менен Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаев интернеттеги "Фейсбук" социалдык түйүнү аркылуу ачык кайым айтышууга өттү.

Жапаров Каптагаевди Ысык-Көл биосфералык экологиялык аймактын башчысы болуп турганда ири коррупциялык схема түзгөн, миллиондогон сомду кымырып алган деп өз китебинде айыптаган. Каркыра жайлоосунун Казакстанга берилиши боюнча аны каралаган маалымат тараткан деген доомат койгон. Ошондой эле апрель ыңкылабынан кийин Каптагаев Убактылуу өкмөттүн тушунда президенттик администрацияны жетектеп турганда “Ата Журт” партиясын шайлоодон өткөрбөө үчүн бут тосууларды уюштурганын кыйыткан. Каптагаев болсо дооматтын баарын жокко чыгарууда:

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

- Жапаров оюна келгенин оттоп, көрүнгөндүн баарын эле жазып жатат. Ал жерде өзүнүн аты эле чын болбосо, башка жактарынан чындык табыш кыйын. Чындыкка жалгашкан бир дагы факт жок. Жалаң эле ушак, калп, каралоо.

Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китебинде 2005-жылдан берки өлкөдөгү негизги саясий окуялар, бийликтеги адамдардын жана оппзициянын иш-аракети ырааттуу баяндалган. Аскар Акаевдин качышы, андан кийин Курманбек Бакиевдин келиши, Феликс Кулов менен тандеми, өзү кантип Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп калганы, Каркыра жайлоосунун казактарга берилиши, оппозициянын нааразылык акциялары кеңири айтылган. Апрель ыңкылабынан кийин келген Убактылуу бийликти Кадыржан Батыров менен саясий соодалашууга барган, анын арты июнь коогасы менен бүткөн деген тыянак чыгарган.

2010-жылдагы парламенттик шайлоону, андагы бийликтин тоскоолдуктарын, “Ата Журт” партиясынын озуп чыгып, саясатка кантип аралашканын кеңири саймедиреген.

Парламентте коалиция куроо убарасы, Жогорку Кеңештин төрагасын, өкмөт башчыны дайындоо, Алмазбек Атамбаевдин президент болушундагы саясий соодалашуунун айрым жагдайларын ачыктаган. Анда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ысымы да кыстарылган. Текебаев Жапаровдун чуулгандуу китебинде айтылгандар тууралуу комментарий бере албасын айтты.

- Ал өзүнүн жеке оюн айтты. Мен комментарий бере албайм. Ал анын жеке ою, аны туура, же туура эмес деп, жок киши менен талашкандан эмне пайда. Ошол катышкандардан, Ташиевден, Келдибековдон сураш керек. Мен катышпагандан кийин комментарий бере албайм.

Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Садыр Жапаров партиялашы, Жогорку Кеңештин мурунку спикери Акматбек Келдибековго дооматын ачык билдирген. Келдибековду “сөзүнө турбаган, бай-манаптык мүнөз күткөн, кызмат, бийлик үчүн жакындарын да сатууга барган” адам катары сүрөттөгөн. Китепте аты ачык аталбаган, бирок эки-үч жерде сөз болгон табышмактуу "казак досу" шайлоо учурунда берген үч миллион долларды Келдибеков партиялаштарына айтпастан, кымырып алган деп күнөөлөгөн.

Ушул тушта четте дарыланып жүрөт делген Келдибеков менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Айтылган доомат боюнча өзү, же жакындары азырынча комментарий бере элек.

Китепте 2011-жылы күзүндө, президенттик шайлоо маалында үч тонна алтын Түркияга чыгарылып кеткен деген факт бар. Жапаровдун ырасташынча, алтын зилзаладан жабыр тарткан Түркияга гуманитардык жардамдын арасына катылып алынып барылган жана бул тууралуу атайын кызматтын өкүлдөрү тымызын маалымат берген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Алтын тууралуу ошол кезде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, азыркы министр Кубатбек Бороновго айтылганы белгиленген. Боронов жүктү Түркияга коштоп барбаганын, бирок анда алтын болбогонун айтты:

- Түркияга мен барган эмесмин. Министр ал убакта Болотбек Борбиев болчу. Жүктү Борбиев коштоп барган. Алтын алынып бараткан болушу мүмкүн, ушундай маалымат бар деп бизге айткан. Биз жүктүн баарын текшергенбиз, андай алтын болгон эмес. Садыр Жапаровдун алтын тууралуу мага маалымат берип, этият болгула деп эскерткени чын. Өкмөттүн биринчи токтому боюнча Түркияга мен барышым керек эле, бирок кийин Борбиев жөнөп кеткен. Бирок жүктү биз тыкыр текшерип туруп, учакка жүктөп бергенбиз.

Китепте доомат айтылган президент Алмазбек Атамбаев, Кумтөр маселеси боюнча ысымы аталган аткаминерлер азырынча үн ката элек. Мурунку баш прокурор Кубатбек Байболовдун пикиринде, мыйзам боюнча коомчулукка жарыяланып кеткен чуулгандуу фактылар териштирилиши керек:

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

- Жасалган кылмыш тууралуу ММКда маалымат таркатылган учурда кылмыш иши козголушу керек деген жобо бар. Ушундан улам кылмыш иши козголушу керек. Садыр Жапаров өзүнүн китебинде оор кылмыштар тууралуу маалымат берип жатпайбы. Кандай болгон күндө да бул иликтене турган маселе. Эгер ал жалган жалаа жаап, оор кылмыштар тууралуу далили жок айтып жаткан болсо, анда өзү жоопко тартылышы керек. Эгер ал айтып жаткан кылмыштар чын болсо, анда анын бети ачылышы керек. Кандай болгон күндө да иликтөө жүрүшү керек.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке эки ирет депутат болуп шайланган. 2012-жылы фракциялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге Бишкектеги Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Ушул тушта бийлик кысымга алып жатат деген жүйө менен чет өлкөдө баш калкалап жүрөт.

XS
SM
MD
LG