Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

Освенцимге рекорддук санда киши келди


Освенцим лагериндеги мештер, 15.09.2012.
Освенцим лагериндеги мештер, 15.09.2012.

Освенцим музейинин интернет сайтындагы маалыматка ылайык, өткөн жылы нацисттик концлагерге рекорддук сандагы 1 миллион 500 миң киши келди. «Буга чейин эч качан бир жыл ичинде мынча сандагы киши музейге келген эмес» деп айтылат билдирүүдө.

Немисче Аушвиц-Биркинау деп аталган нацисттик Германия түптөгөн Польшанын түштүгүндөгү лагерде Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде бир миллиондон ашык киши, негизинен жөөтөр, алар менен катар поляктар, сыгандар жана башкалар өлтүрүлгөн же ачкалыктан, оорудан апаат болгон.

Музейдин билдирүүсүнө караганда, былтыр келгендердин 400 миңге чукулу поляктар, 200 миңге жакыны британдар, 92 миңи америкалыктар, 74 миңи немистер, 62 миңи Израилден келгендер болду. Лагерди советтик аскерлер 1945-жылдын 29-январында бошоткон.

XS
SM
MD
LG