Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

Атамбаев: Салянова иштен кетем деп арыз жазган эмес


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

- Салянова иштен кетем деп арыз жазган эмес. Эс алууга уруксат бергем. Бирок ал мурун деле кызматтан кетем деп арыз жазган. Иши оор. Эмгек өргүүдөн кийин ишке чыгат, - деди президент.

Мурдагы күнү башкы прокурор Аида Салянова кызматынан кетти деген маалымат тараган болчу. “Азаттыктын” Ак үйдөгү ишенимдүү булагы ал азыр 20 күндүк эс алууда, андан соң кызматын биротоло тапшырарын билдирген.

42 жаштагы Аида Салянова 2011-жылдын 14-апрелинен бери баш прокурор кызматын аркалап келген. (EBM/MTo)

XS
SM
MD
LG