Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Лукашенко Орусияны Бажы союзунун эрежелерин бузганы үчүн айыптады


Беларус президенти өкмөттүн кечээги жыйынында белгилегендей, Орусия "Бажы союзунда жетишилген макулдашуулардын баарын бузду”. Лукашенконун бул сөздөрүнө Орусиянын айыл чарбасын көзөмөлдөө агенттигинин соңку чечими түрткү бергендей. Өткөн айдын соңунан тарта орус тарап Беларустун эт жана сүт азыктарын чыгаруучу 22 ишканасынын продукцияларына тыюу салган эле. Себеп катары беларус азыктарынан зыяндуу заттар, анын ичинде чочконун африкалык чумасына алып баруучу вирус табылганы аталган.

Бирок Лукашенконун пикиринде, беларус азыктарына тыюу салуу менен Орусияда “айрым шылуундар” базар баасын көтөрүүнү көздөшүүдө.

Россельхознадзор кечээ беларус этинин импортуна кайра уруксат бериши мүмкүндүгүн айтып, бирок сапат жана коопсуздук жагын текшерүү кыйла күчөтүлөрүн эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG