Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Жол кырсыктары бир жылда 12 миллиард сом чыгым алып келди


Мындай маалымат жол кырсыктарынын кесепетине арналган изилдөө жыйынтыгында айтылды. Аталган изилдөөнү Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт жүргүзгөн. Жол кырсыктарынын чыгымдарын изилдеген эксперт Жыргалбек Шаршембиевдин айтымында, кырсыктардын 85 пайызы айдоочунун, 15 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн жана калган 5 пайызы башка себептердин айынан болгон.

- Биз бир жыл ичиндеги жол кырсыктары алып келген чыгымдарды толук эсептеп чыктык. Ошентип каза болгондорго, жарадарларга жана автоунаага кеткен чыгымдар 12 млрд. сомду түздү. Бул ички дүң өнүмдүн 3 пайызын түзөт, - деди эксперт.

Аталган изилдөөнүн жыйынтыгына таянсак, Кыргызстанда 10 жыл ичинде 45 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 10167 киши каза таап, 61580 адам жаракат алган. (UEz)

XS
SM
MD
LG