Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Эки миңге жакын диний кызматкер аттестациядан өтөт


Муфтият өлкөдөгү диний кызматкерлерди билим деңгээли боюнча электен өткөрүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов билдирди. Анын айтымында, Мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкерлери аттестациядан өтүп бүттү.

- Аттестация баскычтарга бөлүнөт. Эми кезек райондук, шаардык жана облустук имам, казыларга келди. Январь, февраль айларында айылдык молдолор электен өтөт, - деди Эратов.

Өлкөдөгү диний кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү 11-ноябрда башталган. Аттестация билим деңгээли жана жүрум-туруму талапка жооп бербеген дин кызматкерлерден арылууну көздөйт. (UEz)

XS
SM
MD
LG