Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Канжар Кадыралиевге издөө жарыяланды


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Кылмыш иши козголгон Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиренов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Кадыралиев башынан эле тергөө менен кызматташпай, суракка келбей жаткан. Ушундан улам Ош шаардык соту аны камоо боюнча сыртынан чечим чыгарып, ага издөө жарыяланды. Издөөнү УКМК менен ИИМ жүргүзөт.

Башкы прокуратура кечээ Канжар Кадыралиевге “бейбаштык”, “опузалоо”, “өзүм билемдик” беренелери боюнча иш козголгонун жана ал Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан алынганын жарыялаган. Мунун алдында өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. Канжар Кадыралиев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы. (BkA)

XS
SM
MD
LG