Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Өкмөт “Манас” банкы боюнча Париж сотунда чечим чыкканын тастыктады


Кыргыз өкмөтү “Манас” банкы боюнча Париж сотунда чечим чыкканын тастыктады. Бул тууралуу өкмөт алдындагы соттук өкүлчүлүк борборунун жетекчиси Тимур Шамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган борбордун Париж сотунун чечими тууралуу кабары бар. Учурда борбор бул боюнча иштеп жатат.

24-октябрда Париждеги арбитраж латвиялык ишкер Валерий Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16, 5 миллион доллар доого жыкканын чет өлкөлүк басылмалар жазып чыккан. Анда Белоконь 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң кыргыз бийлиги Бишкектеги “Манас” банкты мыйзамсыз тартып алып, менчик укугум бузулду деп даттанган.

Латвиянын жараны Валерий Белоконь мурунку президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин ишкердиктеги өнөктөшү катары белгилүү болчу. Ал Бакиев бийликте турган учурда Бишкекте “Манас” банкын түптөгөн. 2010-жылы Апрел окуясынан соң Убактылуу өкмөт аталган банкты мамлекетке алып, тыштан башкаруучу киргизген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG