Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Пен-клуб камактагы үч жазуучуну бошотууга чакырды


Бишкекте өткөн Пен-клубдун 80-конгрессинин катышуучулары Борбор Азиянын үч жазуучусун камактан бошотууга чакырды.

Алар: Кыргызстандагы укук коргоочу жана жазуучу Азимжан Аскаров, Казакстандан Владимир Козлов жана Кытайдагы уйгур окумуштуусу Илхам Тохти. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында аталган клубдун президенти Жон Раулстен Соул билдирди. Анын айтымында, клуб жыл сайын камактагы чыгармачыл адамдарды бошотуу чакырыгы менен чыгат. Быйыл клубдун конгресси Бишкекте өткөнүнө байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүндө камакта отурган чыгармачыл адамдарды тандоону чечишкен.

Пен-клуб адабият, сөз жана ой эркиндигин колдоп келет. 1921-жылы негизделген бул клуб жазуучулардын эл аралык коомун 100дөн ашуун өлкөдөгү 146 Пен-борборлор аркылуу бириктирип келет. Анын 29-сентябрда Бишкекте башталган жыйыны “Менин тилим, менин тарыхым, менин эркиндигим” деген темада өттү. Иш-чарага 200дөн ашуун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген акын-жазуучулар жана Кыргызстандын маданият ишмерлери катышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG