Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Орус театрынын режиссеру Абдурроззаков кызматтан кетти


Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын режиссеру, тажик маданият ишмери Барзу Абдурроззаков кызматтан кетти. Мындай маалыматты аталган театрдын директору Александр Кулинский “Азаттыкка” тастыктады.

Анын айтымында, Абдурроззаков өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Бирок “Азаттыктын” тажик кызматы режиссер театр жетекчилиги менен пикир келишпестиктен улам кызматтан кеткенин жазып чыкты. Кулинский мындай маалыматты четке кагууда.

Барзу Абдурроззаков быйыл февраль айынан бери Орус драма театрынын режиссеру болуп эмгектенип жаткан. Ал Кыргызстанда чыгармачыл адамдар эркин болгону үчүн бул театрда иштеп жатканын билдирген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG