Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Жогорку Сот Аскаровдун жактоочусунун арызын канааттандырган жок


Бүгүн, Жогорку Сот өмүрүнүн акырына чейин соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо негизсиз деген Шаардык соттун токтомун күчүндө калтырды.

Аскаров 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондо улут аралык чатакка жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып, райондук сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Быйыл жазында Бишкектин Октябрь райондук соту Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидовдун арызын канааттандырып, иш кайра тергеле баштаган. Бирок башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова Аскаровдун иши боюнча жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра текшерүү негизсиз деген токтом чыгарып, ишти өндүрүштөн кыскарткан. Аскаровдун жактоочусу Усманованын чыгарган токтомун жокко чыгаруу боюнча Жогорку Cотко доо арыз менен кайрылган болчу.

Укук коргоочу өзүнө коюлуп жаткан айыптоолордун негизсиз экенин айтып келет. Ал учурда Бишкектеги түрмөлөрдүн биринде отурат. Аскаровдун камакка түшкөнүнө 15-сентябрда 4 жыл толот. (UEz)

XS
SM
MD
LG