Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Кыргызстан, байкушум ай!


Кыргызстан, жүрөгүм ай!

Алтынга, мөңгү сууга, күмүш, жезге,

Таза аба, түркүн жемиш, кездемеге,

Төрт түлүк мал күтүрөп,

Бай туруп байкуштайсың,

Байкушум ай!

Кыргызстан, алтыным ай!

Алтындай абаң, сууң, балың тунук.

Күмүштөй темир, болот, ташың менен,

Жакуттай Ысык Көлүң, тооң туруп.

Ошол тоо, зоокалардай зоболобой,

Үшкүрдүң ай!

Кыргызстан, чырагым ай!

Ыплас кир, бузукулук чырмаганда,

Ыйлап-сыктай, боорума кысып алып,

Кайдадыр алып качып кетким келет,

Жан дүйнөң кыйналганда,

Каралдым ай!

Кыргызстан, кургурум ай!

Атыңды, затыңды да,

Алтының, ташыңды да,

Айлантып, көрлөр сени пайыз кылып,

Сатышты бизнес кылып, башыңды да,

Аярым ай!

Кыргызстан, айкөлүм ай!

Жалпыбыздын үйүбүз атка кондуң.

Ар түркүн адамдардын агымына,

Тепселдиң, келгендерге толуп болдуң.

Чартаңбайлар, чаң ызгытты,

Чыдадың ай!

Кыргызстан, арстаным ай!

Арстанча булкуна албай,

Өнүккөн өлкөлөрдөй жулкуна албай,

Бийликтен ынсап кетип,

Башыңды көтөрө албай,

Кемсиндиң ай!

Кыргызстан, алтын кеним!

Алтындар кетип, акыр калып жатат.

Күмүштөр кетип, күлдөр сапырылат,

Күл дөбө таштагандар чамгарактайт,

Күлтүңдөп куу түлкүдөй элди сатат,

Чарчадың ай!

Суранам, сен аман тур,

Бактыбызга, башыбызга.

Мыктылар чыгат утур,

Күткүнүң, сен чыдап тур,

Бооруңа кысып бизди, кечирип тур,

Боорукерим, Кыргызстан!

Сымбат Максутова

XS
SM
MD
LG