Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:35

Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясы талкууда


Кезектеги талкуу бүгүн “Ак Кеме” мейманканасында өтөт. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, кылмышка байланыштуу мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү жана жаңыдан жазуу президенттин демилгеси менен жүрүүдө. Анда мыйзамдарды гумандаштыруу жана эл аралык нормаларга ылайык келтирүү иштери аткарылат. Мыйзамдарга жаңы кылмыштар жөнүндөгү түшүнүктөр киргизилүүдө дейт Абдирасулова:

-Апартеид, адамзатка каршы кылмыш, мародерчулук, геноцид деген түшүнүктөр жок болчу. Ошолор кириптир жана алар боюнча жаза каралган.

Мыйзам долбоорлор эксперттик талкуудан өткөндөн кийин парламенттин кароосуна сунушталат. (AiT)

XS
SM
MD
LG