Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

"Курманжан датка" тартылып бүттү

Толук метраждуу, эки сериялуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильмин "Айтышфильм" студиясы, "Кыргызфильм" студиясы менен биргеликте тартып бүтүрдү. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго баш-аягы 70 миллион сомго жакын каражат кетти. Фильм Алай, Ош, Ысык-Көл, Чүй аймактарынын эң кооз жерлеринде тартылган. Режиссеру - Садык Шер-Нияз. Башкы оператору - Мурат Алиев. Композитору - Бакыт Алишеров. Башкы ролдорго: Эл артисттери - Назира Мамбетова, Жамал Сейдакматова, жаш артисттер - Элина Абай кызы, Азиз Мурадилаев, Мирлан Абдуллаев, жана башкалар тартылды. Массовкалары менен беш жүздөн ашык адам катышкан тарыхый тасма, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG