Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Бүгүн Крымда «жымжырттык күнү» өтүп жатат


Крымда референдумга каршы нааразылык жыйын өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

Крымда референдумга каршы нааразылык жыйындар өттү. 14.3.2014.

Крымдын Жогорку Кеңешинин убактылуу жобосунда жекшембиде өтө турган референдумдун алдынан 24 сааттык жымжырттык күнүндө эч кандай үгүт иштери жүрбөшү керек деп жазылган.

Талаптарга карабай жума күнү кечинде Крым шаар көчөлөрүнөн коммуналдык кызматтары референдумга байланыштуу үгүт жарнамаларын дээрлик көпчүлүгүн алышкан эмес деп жазат rian.ru маалымат агенттиги.

Эрте өтө турган референдумда: Орусияга кошулуу жана Украинанын курамында калуу эки маселеси коюлган. Кайсыл суроо жарымынан көп добушту алса ошол кабыл алынат.

Добуш берүү 16-мартта саат 8ден 20га чейин жүрөт. Добуш берүүгө катышкандардын ылдыйкы мерчеми белгиленген эмес.

Шайлоого 23 мамлекеттен 70тен ашуун эл аралык байкоочулар көз салышары маалымдалган.

Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөргөнү турган Крымды азыр орус аскерлери ээлеп турат. Украина жана Батыш өлкөлөрү бул үчүн Орусияны күнөөлөп, референдумду мыйзамсыз, эл аралык укукту айдан ачык эле бузуу деп аташууда.

Референдумду мыйзамдуу деп эсептеген Москва Украинанын жаңы бийлигин Крымда жашаган орустарды жана орус тилдүүлөрдү коркутууда деп айыптаган.
Добуш берүү күнү Киев тараптан электр энегиясын өчүрүүлөр болот деген камтамалыктан учурда Крымда добуш берүү участкаларына деп 900 генераторлор сатылып алынган. (SA)

XS
SM
MD
LG