Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

"Чоң жети" Орусиядан Крым референдумун токтотууну талап кылды


Чоң жетинин өлкөлөрү Орусиядан Крым референдумун токтотууну талап кылды. Бул тууралуу бүгүн АКШ, Канада, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапониянын жана Европа Кеңеши менен Еврокомиссиянын биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүү жарыяланар алында Евркомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу:

- Биз Орусия Крым автоном республикасын аннексиялоо боюнча бардык аракеттерди токтотууга чакырабыз,- деди.

Билдирүүдө эгер Орусия Крымдын макамын өзгөртүү боюнча аракетин токтотпосо жооп чарага кабылары да эскертилген.

Чоң Жетинин билдирүүсүндө белгиленгендей, Крым боюнча ушул жекшембиге мерчемделген референдум эч кандай укуктук күчкө ээ болбойт жана жыйынтыгы таанылбайт.

Мунун алдында украин президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов Орусия Украина менен дипломатиялык байланыштардын баарын четке кагып жатканын айткан.

Москва Киевдеги азыркы бийликти легитимсиз деп, Крым элинин өз болочогун өзү аныктоого укугу бар деп эсептейт.

Бул аралыкта бүгүн АКШ президенти Барак Обама Ак үйдө кризисти талкуулоо үчүн Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк менен жолукканы жатат.

XS
SM
MD
LG