Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:13

Кумсаларга каршылар куру жалаа жабыштыбы?


Жеңиш Молдокматов акция учурунда сүйлөп жатат.
Жеңиш Молдокматов акция учурунда сүйлөп жатат.

“Калыс” саясий кыймылынын мүчөлөрү жарандык активист Илья Лукаштын сүрөтүн АКШ элчилигинин алдында өрттөштү.

Аталган кыймылдын мүчөлөрү АКШ элчилигинин алдында кумсаларды жектеген ураандар жазылган плакаттарды жана гейлердин коргоочусу делген жарандык активист Илья Лукаштын сүрөтүнө өрт коюшту. Кыймылдын лидери Жеңиш Молдокматов жарандык активисттин сүрөтү эмне үчүн өрттөлгөнүн мындайча түшүндүрдү:

- Илья Лукаш интернет баракчаларына кумсаларды жактаган биртоп билдирүүлөрдү жарыялаган. Жадагалса аларды коргогон уюмдарды да түзгөн. Биз анын сүрөтүн өрттөп, бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилеси биздин коомго жат экенин, аларга караманча каршы экенибизди көрсөттүк. Ал мындан тышкары өз блогуна Украинадагы болуп жаткан окуяларды Бишкекке алып келебиз деп да жазып чыкты. Анын Украинадагы оппозиция менен байланышы бар. Эмне бизди гей-активисттер башкарып калабы?

Молдокматов иш-чаранын АКШ элчилигинин алдында өтүшүн Илья Лукаштын Америка тараптан каржыланып, кумсаларды жактап жатканы менен түшүндүрдү. Ал сүрөт өрттөө акциясы каршылыктын башталышы экенин, мындан ары кумсаларга каршы радикалдык чаралар көрүлөрүн кыйытты.

Деген менен жарандык активист Илья Лукаш сүрөтү эмне үчүн өрттөлгөнүн түшүнө албай башы маң. Ал өзүнүн кумсаларга да, аларды коргогон эл аралык уюмдарга да эч кандай тиешеси жок экенин айтты:

- Алар мени эмнеге гей-активист деп атаганын түшүнбөй жатам. Менин гейлерге, гейлерди жактаган ар кандай баракчаларга, эл аралык уюмдарга эч кандай тиешем жок. Алар мындай маалыматты кайдан алганы белгисиз. Бул толугу менен жалган. Мага калп эле жалаа жаппай мен гейлерди кайсы жерде коргоп сүйлөгөнүмдү далил менен көрсөтүп беришсе жакшы болмок. Мен болгону бирөөлөрдүн маалыматына сексуалдык ориентациясы башкалар деле адам да деп комментарий жазгам. Болгону ошол.

Активист учурда бул окуя боюнча укук коргоочулар менен кеңешип жатканын, ыгы келсе тиешелүү органдарга арыз менен кайрыларын жашырган жок.

Болуп өткөн окуяны маңкуртчулук деп атаган укук коргоочу Азиза Абдирасулова бейкүнөө адамдын сүрөтүн эл алдында өрттөөгө жол берген тартип сакчыларын сынга алды.

- Биринчиден, Илья гей-активист болобу, болбойбу бул анын жарандык укугу. Анын ким экендигине эч ким баа бере албайт. Гей-активист болгондугу үчүн эле сүрөтүн өрттөө барып турган маңкуртчулук. Бир жарандар экинчи бир жарандын сүрөтүн башка бир өлкөнүн элчилигинин алдында өрттөшү эмне деген шумдук? Илья Лукаш Американын жараны болсо же элчиликте иштесе бир жөн. Муну тиешелүү органдар иликтеши керек. Бүгүн сүрөтүн өрттөп жатса, эртең өмүрүнө кол салбайт деп ким кепилдик берет?

Кор болгон кумсалар

Бул окуя интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талаштарга жол ачты. Арасында кумсаларды жектегендер да, жактагандар да жок эмес. Үй-бүлө мамилелери боюнча адис, социолог Топчугүл Шайдуллаева аз сандагы салттуу эмес жыныстагы адамдардын жашоосун коомчулукка жар салуу туура эмес деген пикирде. Анын айтымында, кыргыз эли илгертен салттуу үй-бүлө мамилелерин жактап келет.

- Ооба, Кыргызстанда кумсалар бар, кодуласак алардын укугун бузган болобуз. Бирок бул маселени даңазалап, коомчулукка кайра-кайра эле таңуулай берген туура эмес. Булар миллиондогон адамдардын кичинекей эле бөлүгү да. Аларды бүтүндөй коомдун маселеси кылуунун зарылдыгы жок. Укуктары бузулуп жатат деп догурунбаш керек. Өздөрүнүн жашоосун жашай беришсин, бирок булардын жашоосун эч убакта баалуулук катары карап, ушундай жашаш керек деп коомго таңуулоонун зарылдыгы жок.

Америкалык Human Rights Watch уюму быйылкы отчетунда Кыргызстанда сексуалдык азчылыктардын укугу корголбой, алар тартип коргоо органдары тарабынан кордук көрөрү айтылган. Кумсаларга байланыштуу чоң талкуу 2012-жылы "Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалына байланыштуу чыккан. Анда голландиялык режиссер Крис Беллонинин “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасын көрсөтүүгө катуу каршылык көрсөткөндөр болгон. Мындан улам сот тасманы көрсөтүүгө тыюу салган эле.

XS
SM
MD
LG