Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Чыңгыз жана Европанын "Кыргызстаны"


Чыңгыз Айтматовдун немисчеге которулган китептери, "Талиа" дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь, 2013-ж.
Чыңгыз Айтматовдун немисчеге которулган китептери, "Талиа" дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь, 2013-ж.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын немис тилинде эң көп баскан "Унионсферлаг" басма үйү Швейцарияда жайгашкан. Айтматовдун 27 чыгармасы 1985-жылдан бери немисче 53 жолу басылып чыккан. Аны менен бирге тоолуу Швейцарияда кыргыз шырдактары акыркы үч жылдан бери өзгөчө популярдуу.

Швейцария – саат, шоколад, эжигей жана банктары менен гана эмес, дүйнөгө – анын ичинде Кыргызстанга – Давостун кулуну, обончу Томас Вернердин "Өрдөктөр бийи" менен да белгилүү. Бул ирет дал ошол "Өрдөктөрдүн бийинин" мекени болгон тоолуу Швейцарияга сапарга аттандым.

Кыргызстан – Борбордук Азиянын Швейцариясы болсо, балким Швейцария – Европанын Кыргызстаныдыр. Албетте, бул өлкө Кыргызстандан экономикалык жактан кыйла алдыда, бирок Швейцария – Кыргызстандан дээрлик беш эсе кичине жана тоолору эки эсе жапыз өлкө.
Швейцариядагы Базель шаары Бишкектен 5108 чакырым алыста.
Швейцариядагы Базель шаары Бишкектен 5108 чакырым алыста.

Сегиз миллион калкы бар Швейцария Конфедерациясына бул ирет келгенимден тарта сапарым өзгөчө башталды.

Чек ара бекетине жетип, паспортомду кечки нөөмөттөгү чек арачыга берер замат, жашы элүүдөн ашкан, көк көздүү ак жуумал киши "Sind Sie ein Lanzmann von Tschingis Aitmatow?" ("Сиз Чыңгыз Айтматовдун жердешисизби?") деп сүрдүү сурады. Өмүрүмдө бир да чек арачыдан мындай суроо укпаган жаным бир аз дендароо болуп, "Ja, ja. Ich komme aus auch Kirgisien" ("Ооба, ооба. Мен да Кыргызстанданмын") деп шашыла жооп бердим.

Андан соң кубанычым көөдөнүмө батпай сыймыктанып, чек арачы менен коштошуп, үч өлкө – Швейцария, Германия жана Франция тогошкон аймакка жол тарттым.
Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" китебинин немисчеси, "Талиа" дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.
Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" китебинин немисчеси, "Талиа" дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.

Швейцариянын үчүнчү ири шаары Ба́зелди 172 миң калк байырлайт. Рейн дарыясын бойлой жайгашкан калаа дүйнө жүзүндө тургундарынын жан башына эсептей келгенде эң көп музейи бар шаар катары белгилүү. Футбол боюнча 2008-жылы Европанын чемпионатын тоскон шаарда атактуу теннисчи Рожер Федерер туулган. Швейцариянын маданий борбору болуп эсептелген Базелде кыргыз маданияты жана адабиятына да кызыгуу арбын. Ага ушул ирет күбө болдум.

Шаардын чок ортосундагы Фрайерштрассе көчөсүндөгү "Та́лиа" ("Thalia") чоң китеп дүкөнүнө баш бактым. Дароо эле үстүңкү кабаттагы чет элдик адабият бөлүмүнө бардым. Текчеде Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме", "Саманчынын жолу" жана мукабасында актриса Наталья Аринбасарованын сүрөтү бар "Жамийла" повестинин жаңы чыгарылышы тизилип турган экен. Беш жыл мурда дал ушул жерден "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасын көргөнмүн.
Музыкант улуттук альпхорн аспабын ойноодо, Базель, Швейцария, 26-январь 2013-ж.
Музыкант улуттук альпхорн аспабын ойноодо, Базель, Швейцария, 26-январь 2013-ж.

Мени менен кошо эс алуу курагындагы аял бойго жеткен уулу менен Айтматовдун китептерин барактап турду. Өзүн Леони деп тааныштырган аялды кепке тарттым. "Кызыл жоолук жалжалым" тууралуу баарлаштык. Леони айым өзүнүн турмушун повесттеги Аселдин тагдырына теңеп, ал чыгарманы 1986-жылы немисчеге которулаары менен окуп чыкканын айтты. "Китепти окуган сайын көзүмө жаш алам", – деди базелдик Леони айым.
Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" китебинин немисчеси, "Талиа" дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.
Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" китебинин немисчеси, "Талиа" дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.

Жаныбызда турган сатуучу аял да байкап, Асел менен Илиястын тагдырын окуган сайын көзүнө жаш тегеренерин кошумчалады. "Айтматов менен бирге кыргыздардын ким экенин билдик. Жаратылыш жана жаныбарлар дүйнөсүнө, "Кылым карытаар бир күн" жана "Кассандра тамгасы" менен космоско сапар тарттык. Анын чыгармалары менен бирге ызаландым, кайгырдым, ыйладым, күлдүм, сүйүндүм. Деги эле, эмоциянын бардык түрүнө баттым!", – деп кепти улады өзүн Frau S. Göhler (Фрау С. Гөлэ) деп тааныштырган сатуучу.

Леони айымдын курагы отуздан өткөн уулу болсо "Мага Айтматовдун "Das Kassandramal" ("Кассандра тамгасы") жагат", – деп кыска жооп берип, апасы экөө "Жамийланын" жаңы чыгарылышын сатып алып кетишти.

Белгилей кетчү нерсе, 1986-жылдан бери "Кызыл жолук жалжалым" чыгармасы немис тилинде "Du meine Pappel im roten Kopftuch" беш ирет Германияда жана Швейцарияда басылып чыккан.
Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин немисчеси, "Талиа" дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.
Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин немисчеси, "Талиа" дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.

"Талиа" китеп дүкөндөр түйүнүнүн кызматкери 2011-жылы "Жамийла" эң көп сатылган чет элдик авторлордун китептеринин бири экенин тастыктады. Немис режиссёру Моника Треубер 1994-жылы "Жамийла" тасмасын англис тилинде тарткан. Жамийланын ролун учурда Лондондо турган, теги вьетнамдык француз актрисасы Линь Дан Фам аткарган.

Швейцарияда 1985-жылдан бери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын немис тилинде эң көп басып чыккан "Унионсферслаг" ("Unionsverlag") басма үйүндө жазуучунун 27 чыгармасы немисче 53 жолу жарык көргөн. Тоолуу Швейцарияда Айтматовдун китептеринин эң арзаны 528 сом (S₣r. 9.50 / $10.66), ал эми эң кымбаты 2450 сом (S₣r. 44 / $50).
Шырдактарды саткан "Бернард Царнегин Ориенттиппихе" көргөзмө-дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.
Шырдактарды саткан "Бернард Царнегин Ориенттиппихе" көргөзмө-дүкөнү, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.

Бишкектен 5108 чакырым алыста, Батыш Европада жайгашкан Базелде Айтматовдон башка Кыргызстандын атагын чыгарган – улуттук шырдак. Шаардын ортосундагы Штайненберг көчөсүнө бурулаар замат, кызыл-тазыл тааныш буюм көзгө урунду. Көрсө, ал шырылган кыргыз килемдери экен. Базелде шырдактын орточо баасы 94 миң 620 сом (S₣r. 1700 / $1920). Швейцариядагы эң кымбат шырдактын баасы 423 миң сомго жетет. (S₣r. 7590 / $8553).

"Бернард Царнегин Ориенттеппихе" ("Bernard Zarnegin Orienttepiche") же "Бернард Царнегиндин Чыгыш килемдери" көргөзмө-дүкөнүндө шырдактын толгон-токой түрү жык толгон. Дүкөндүн ичинде кардар көп: жергиликтүүсү да, немиси да, французу да бар. Базель – үч өлкөнүн чектешкен жеринде болгондуктан, коңшу Германиянын Баден-Вүртемберг аймагынан жана Франциянын Эльзас провинциясынан да шырдакка кызыккандар такай келип турушат.
Шырдактарды саткан "Бернард Царнегиндин Чыгыш килемдери" дүкөнү жана анын ээси Бернард Царнегин, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.
Шырдактарды саткан "Бернард Царнегиндин Чыгыш килемдери" дүкөнү жана анын ээси Бернард Царнегин, Базель, Швейцария, 9-декабрь 2013-ж.

Шырдактар дүйнөсүнө батып, өзүм Кыргызстанда жүргөндөй болуп турсам, дүкөндүн ээси чуркап келди. Дароо эле кыргызстандык экенимди билип, сүйлөшө кеттик. Шырдактарды Базелге тааныткан жашы кыркка жете элек Бернард Царнегин мырзаны кепке тарттым.

– Эмне үчүн шырдактар Швейцарияда популярдуу болуп жатат?

Себеби шырдактар заманбап саркечтикти жана табигый түс-боёкторду мыкты айкалыштырат. Дал ушул сыяктуу дизайндар менен швейцариялыктар өз үйлөрүн кооздогусу келет.

– Канча жылдан бери шырдактар Швейцарияда сатыла баштады?

Швейцарияга шырдактар төрт–беш жыл мурда ташыла баштаган. Эки–үч жылдан бери шырдактар бул жакта абдан популярдуу боло баштады.

Сөз соңунда Царнегин шырдактарды жасаган уздарга мындай каалоосун "Азаттык" аркылуу жолдоду:

Эмгегиңиздерге чоң таазим! Биз сиздердин эмгегиңиздерди өтө бийик баалайбыз!

Тоолуу өлкөдө Базелден тышкары, кыргыз шырдактары борбор калаа Бернде жана дүйнөнүн финансы борбору Цүрихте дагы сатылат.
Швейцариянын табияты.
Швейцариянын табияты.

Балким, чындыгында эле миңге чукул кыргызстандыктар байырлаган, тоолорун ак мөңгү баскан Швейцария – Европанын Кыргызстаныдыр. Келечекте Борбор Азиядагы Кыргызстан Европадагы Швейцариядай өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайт деп тилек кылалы.

Европанын "Кыргызстаны" – Швейцария
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:35 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG