Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:06

"Кыргыз керемети" жаңы нукта жанданабы?


"Бакайдын жайыты" көркөм тасмасынан кадр. 1966-жыл. Режиссер Төлөмүш Океевдин бул тасмасы "Кыргыз кереметинин" көч башында турат.
"Бакайдын жайыты" көркөм тасмасынан кадр. 1966-жыл. Режиссер Төлөмүш Океевдин бул тасмасы "Кыргыз кереметинин" көч башында турат.

Кыска метраждуу тасмалардын эл аралык III фестивалы 12-декабрда старт алат.

Уюштуруучулардын айтымында, кыска метраждуу тасмалардын фестивалы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө, 12-декабрда саат 12де башталат. Фестивалга КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын кинематографисттери катышат. Тасмалар чет элдик жана улуттук болуп эки программада калыстар сынынан өтөт. Фестивалдын катчысы Чолпон Идирисова иш-чаранын максаттарын мындайча ачыктады:

- Бул фестивал жылдагыдай эле Чыңгыз Айтматовдун элесине арналат. Эң башкы максаты чет элдик жана жергиликтүү кинематографисттер арасында байланышты чыңдап, орток кино мейкиндик түзүү. Быйылкы фестивалда эл аралык программада 13, улуттук программада 10 тасма ат салышат.

Бул кинофестивалдын “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” деп аталышы тегин жерден эмес. 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Кыргызстан дүйнөгө башаламандыктар менен таанылып жатканда бул аталыш режиссерлор тарабынан атайын бренд катары сунушталган. “Айтыш” коомдук фондунун башчысы Садык Шер-Нияз каржы маселеси чечилсе, фестивалды дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга болот деген пикирде:

- Фестивал негизинен “Айтыш” коомдук фонду тарабынан каржыланат, жалпы чыгымы 3 млн. сомго жакын. Мамлекет жардам бербей жатат деп айтууга болбойт. Мына, быйыл 250 миң сомдук колдоо көрсөттү. Эгер мамлекет тарабынан каржылык колдоо көбөйтүлсө, бул фестивалды бүткүл дүйнөлүк кылып өткөрсөк сонун болмок.

Кыска метраждуу фильмдердин эл аралык үчүнчү фестивалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:32 0:00

Фестивалга жүздөгөн тасмалардын ичинен чет элдик программага 13, улуттук программага 10 тасма тандалып алынган. Улуттук программада 20дан ашык эл аралык фестивалдарда баш байгени багынткан жаш кинорежиссер Алижан Насыровдун “Кара далы” аттуу кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлөт. 30 жаштагы кыз менен 70 жаштагы абышканын тагдырын чагылдырган тасма тууралуу автор буларды айтып берди.

- Турмушка чыкпаган кыз-келиндер айыл жеринде өтө эле көп. Мына ушул маселеге жүрөгүм өйүп, тасма аркылуу чагылдырдым. Эми кара далы кыздардын көбөйүп жатышына эркектердин санынын салыштырмалуу аздыгы жана миграция сыяктуу көйгөйлөр себеп болууда. Ушундан улам жаш эле кыздар карыган чалдарга турмушка чыгууга мажбур. Кыскасы чиеленишкен маселени ачып берүүгө аракет кылдым.

Фестивалдын калыстар тобунун төрайымы болуп белгилүү орусиялык кинорежиссер Лариса Садилова шайланган. Ал эми Кыргызстандын атынан Темир Бирназаров калыстар тобуна мүчө. Бирназаровдун айтымында, Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү аталганы менен, иш жүзүндө тартылган тасмалардын көбү коммерциялык негизде.

- Бизде тасмалардын 90 пайызы коммерциялык максатта. Анткени режиссерлор тасманы жеке каражатына тартат да, ошол акчаны 2-3 эсе кылып көбөйтүп алууну көздөшөт. Мындайча айтканда, алар товар жасашат. Автордук кино тартып, чыгарма жараткандар тилекке каршы өтө аз.

Кыска метраждуу тасмалардын III эл аралык фестивалы 12-декабрда башталып, 15инде жыйынтыкталат. Фестивалдын жыйынтыгы менен “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссура”, “Калыстардын атайын сыйлыгы” жана “Көрүүчүлөрдүн тандоосу” номинацияларында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

XS
SM
MD
LG