Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Италия: Аблязовдун аялын депортациялоо ката болгон


Италиянын өкмөтү Казакстандын оппозиция өкүлү Мухтар Аблязовдун аялын кызы менен Казакстанга чыгаруу буйругун күчүнөн кетирип жаткандыгын билдирди.

Казакстандын эң ири банктарынын биринен беш миллиард доллар уурдады деп айыпталгандан кийин өлкөдөн качкан банкирдин аялы менен кызын Италиянын полициясы аэропорттон кармап, Казакстанга жол тарткан учакка салып жиберген эле.

Италиянын өкмөт башчысы Энрико Летта кечээги катында «бул иш боюнча өкмөттүн толук маалымат албагандыгы чоң ката болгондугун» жазды. Казак бийликтеринин айтымында, Аблязовдун аялы камакка алынган жок, бирок жасалма паспорт боюнча сурак берип жатат.

Kайда экени так белгилүү болбогон Аблязовго Кыргызстанда ички паспорт жасалганы аныкталган. Аблязов Фейсбуктагы катында бул кинени четке кагып, ага мындай паспорт кереги жок экендигин жазган.

XS
SM
MD
LG