Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:57

Ооганстан: жардыруудан алты грузин аскери ажал тапты


Жардыруу бейшембиде Ооганстандын түштүгүндөгү Гилмент провинциясында болгон. Грузия армиясынын башкы штабынын башчысы, генерал Ираклий Дзнеладзенин билдиргенине караганда, аскерлер түшкөн унаа жардырылган. Бул үчүн жоопкерчиликти эч ким алган жок. Буга чейин май айында эле дал ушул аймактагы кол салуудан үч грузин аскери каза тапкан. Бейшембидеги кол салуу Грузия үчүн Ооганстандагы согуштук операциялар учурундагы чоң жоготуу болду. Жалпысынан бул согуштун жүрүшүндө 28 грузин аскери каза тапты.

XS
SM
MD
LG