Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Оң рулдуу унаалар канчалык опурталдуу?


Кыргызстанда ишкерлер оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салуу мыйзамсыз экенин айтып, нааразы болушууда. Алар мыйзам долбоор бизнес коомчулуктун катышуусу жок даярдалганын жана бул боюнча коомдук, парламенттик угуулар өтпөгөнүн белгилеп жатышат.

Оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салган мыйзам Жогорку Кеңеште 18-апрелде кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

“Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев, “Реформа” демилге тобунун өкүлү Азамат Аттокуров жана Жол кайгуул кызматынын жетекчи орун басары Темиркан Керимбаев катышты.

“Азаттык”: Ишкерлер аталган мыйзам туура эмес деп, президентти ага кол койбоого чакырып жатасыздар. Нааразылыкты эмне менен негиздейсиздер?

Азамат Аттокуров: Чындыгында биз президентти бул мыйзамга кол койбоого чакырат элек. Оң рулдуу машиналар сол рулдууларга караганда кооптуу деген изилдөөлөр жок. Кыргызстанда 10% жакын оң рулдуу машина болсо, жол кырсыктарынын 13 пайыздайы оң рулдуу машинелердин айынан болот. Кырсыктардын көп болуп жатканы рулга эмес, айдоочунун өзүнө, жолдо жүрүүнүн маданиятына байланыштуу деп ойлойм.

Бул мыйзам кабыл алынса деле жол кырсыгы азайып кетпейт. Таксисттер деле чашканы алып коюп иштей беребиз, патент да албайбыз деп жатышат. Чындыгында жол кырсыктарына оң рулдуулар күнөөлүүбү же ошол эле байлардын "Лексус", "Тойота" өңдүү чоң машиналары күнөөлүүбү? Муну да эске алыш керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Мыйзамга каршы чыккандар мыйзам долбоору бизнес коомчулуктун катышуусу жок даярдалганын жана коомдук, парламенттик угуулар өтпөгөнүн белгилеп жатышат. Эмнеге мындай болуп калды, мыйзам артында башка кызыкчылыктар жокпу?

Нарынбек Молдобаев: Булардын бардыгы болгон. Бул мыйзам кечээ эле кабыл алынган жок. Анын тарыхына жети жыл болду, ошондон бери бир топ талкуулар өткөн. Транспорт министрлиги, коомчулук, оң рулдуу машина айдагандар менен талкуулаганбыз. Ар бир эле мыйзам коомдун бир бөлүгүнө иштебей калат. Мисалы, салыкты алалы, ким эле иштеп, салык төлөйүн десин. Аны мыйзам аркылуу төлөтүп, ал акча кайра эле Кыргызстанга жумшалып жатпайбы. Ошол өңдүү эле бул мыйзам менен жалпы кыргызстандыктардын коопсуздугун ойлоп, жакшылык кылалы деп жатабыз. Биздин жолдор, эрежелер оң рулдуу машиналарга туура келбей жатпайбы.

Темиркан Керимбаев: Оң рулдуу машинаны шаар ичинде болобу, алыс жолго болобу айдоо кыйын. Мисалы, узак жолдо чоң жүк ташуучу машиналар да жүрөт. Аны ашып өтүү оң рулдууларга абдан кыйын жана коркунучтуу. Муну далилдеп берсе да болот.

Албетте жол кырсыгына адамдык фактор да себеп. Сөзсүз түрдө айдоочу жол эрежесин сакташ керек. Эгерде бардык санды алып көрсөк, оң рулдагы айдоочунун айынан болгон кырсыктар көбүрөөк катталып жатат. Эки оң рулдуу машина кагышып, бештен онго чейин адамдар өлгөн учурлар кездешип жатат. Муну да эске алышыбыз керек. Менимче оң рулдуу автоунаалардын киришине тыюу салып, бул жакта жүргөндөр мөөнөтү бүткөнгө чейин жүрө бериши керек.
XS
SM
MD
LG