Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Баткенде кайрадан жаңжал чыкты


Баткен облусунун Ак-Сай айылында, Ворух анклавынын жанында жергиликтүү тургундар менен тажиктер чатакташа кетти.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов билдирди.

Мамытовдун айтымында, жаңжал Ворух анклавы аркылуу өткөн Аксай-Тамдык айланма жолунун курулушунан улам чыккан.

Чек ара кызматынын башчысы чатактан кийин анклав аркылуу өткөн жолду тажик тарап жаап салганын, ага жооп катары кыргыз тарап Ак-Сай айылы жактан анклавга кирчү жолду бууп салганын кошумчалады.

Токон Мамытов: "Мунун баары жолдон башталды. Анклав аркылуу өтпөй, өзүбүзчө Ак-Сай – Тамдык деген жолду сала баштаганбыз. Бирок тажик тарап "биздин жерге кирип келип, жол куруп атасыңар" деп, бул жерде чек ара тактала элек деген жүйөнү карманып, жолдун курулушуна тоскоол болушкан.

Эртең менен 30га жакын тажик, ошончо эле кыргыз чыгып, бири-биринин дарегине катуу сөз айтышкан. Бирок өз убагында жетип келген чек арачылар, акимдин орун басары, айылдын аксакалдары, тажик тараптан да чек арачылар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жаңжалдын курчуп кетишине жол бербей, элди ажыратып калган.

Бирок бир нече убакыттан кийин Тажикстандын жарандары Ворухтан Кыргызстандын Ак-Сай, Көк-Таш жакка барчу жолду бууп салышты. Ошол эле учурда кыргыз тарап Ак-Сайдан Ворух анклавына кирген жолду да таш менен бууп салды.

Учурда ал жерде Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча аймактык башкармылыктын жетекчиси, полковник Жээнбаев, ИИМдин орун басары, Баткен облусунун акими, анын орун басары, тажик тараптын аймактык башкармылыгынын жетекчиси, генерал Пиратов, Исфара районунун акиминин орун басары, айыл өкмөт башчылары болуп, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кырдаалды ИИМдин, Чек ара кызматынын аскерлери көзөмөлдөп турушат.

"Силер өз жагыңарды тынчтандыргыла, биз өз жагыбызды тынчтандырабыз" деп, жергиликтүү бийлик менен бирге иштешип, жаңжалдын ырбап кетпешине жол бербей турабыз".

Ал арада "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Жеңиш Айдаровдун маалыматы боюнча, ушул тапта эки жактан тең жергиликтүү тургундар тарабай, топтошуп турушат. "Окуя болгон жерде Кыргызстандын Көк-Таш айыл тарабынан жүзгө жакын кыргыз, Ворух – Исфара жолунун батыш тарабындагы айылдан келген 200гө жакын кыргыз турат. Кеч кирип калгандыктан тажик тараптан канча киши турганы беймаалым. Тараптардын ортосундагы аралык 100 метрге жакын. Эки жактан тең ортодо милиция кызматкерлери аларды бири-бирине жакындатпай турат", деп маалымдады "Азаттыктын" кабарчысы.

Кыргыз-тажик чек арасында чатактар маал-маалы менен болуп келет. Ушул жылы февралда Достук айылында жергиликтүү тургундар менен тажиктер чатакташа кеткен. 400дөй тургуну бар айылдын жашоочулары тажик тараптын азырынча шарттуу чек арага телефон антеннасын орнотконуна нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Буга жооп кылып, кыргыз чек арачылары Достук айылы аркылуу өткөн Ворух –Исфара жолуна чек ара көзөмөлүн койгон. Тажик тарап болсо айылды аралап өткөн кан жолду эки тараптан бууп салган.

XS
SM
MD
LG