Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ошко оомат келиптир


Ошко бир айлык командировкага келдим. Бир же эки жылда бир жолу шашып келип-кетип жүрүп, көп нерсени деле байкабаптырбыз. Мындан үч жыл мурда коогалаң чыгып, 4 миңге жакын кыймылсыз мүлк өрттөлүп, канча кан, жаш агып, көөдөнгө арман батпай калган эле. Онтогон Ош эми качан бутуна тураар экен деп санааркагандар көп болгон. Бирок бардык күмөнсүнүүнү жиреп чыгып, Ош тез аранын ичинде бутуна турганын байкадым...

Мен Ошто жүрсөм тааныш-туугандарым Ош, Жалал-Абадда митинг-пикеттер болуп жатыптыр го, качан келесиң? - деп сурашат. Бир айдын ичинде Оштон бир митинг көргөн жокмун, баары коймаарек тартып, бири-бирине сый урмат менен күлүп-жайнап эле иштеп жүрүшөт. Ош элине тынчтык аба менен суудай керек. Тынчтык бар жерде гана өнүгүп-өсүү болоорун жакшы түшүнүшөт. Анан көчөдөн кагышып кеткен машинаны да көргөн жокмун. Айдоочулар майда-барат жол эрежелерин бузганы менен чоң бир ызы-чуу салган көрүнүш жок.

Азыр көчөлөрдү карасаңыз, күйгөн тактын издери дээрлик жок. Мындан үч жыл мурда эч нерсе болбогондой Ош сырдуу жылмаят. Баарын ынтымак менен эмгек жууп кеткендей.

Биринчи жолу Ошко келген мейман үч жыл мурда ушул жерде атышуулар, адам өлтүрүүлөр, өрттөөлөр болгон десе, “кантип эле?” деп ишениши кыйын. Көчөгө чыксаңыз жаз келгенге жапжашыл көк майсаң, ар түрдүү сайраган чымчыктар, шылдырап аккан Ак-Буура суусу, кооз салынган үйлөр, имараттар, ашкана-чайханалар, жаштардын күлкүсү, сүйүүсү, балдардын каткырыгы, чоң адамдардын ызаат-сыйы, көчөлөрдүн таптазасы, дыйкандардын терин аарчый жер иштетип жатканы, түнкү шам чырактардын жаркырап күйүшү, баары бир гармонияга айланып, көңүлүңдү көкөлөтүп, жүрөгүңө жылуулук уялатат.

Эмнегедир Ош шаары өтө таза шаарга айланыптыр. Арык-чөнөктөр казылып, суулар агызылып, гүлдөр тынбай сугарылып, ар бир баскан кадамың шыпырылып...

Гүл демекчи, Ош шаары быйыл гүлзарга айландырылып жатканын уктум. Былтыр мэриядан гүлдөрдү өстүрүүгө 300 миң сом каралган болсо, быйыл 700 миң сом бөлүнгөн экен. Калаа жетекчилиги күнү-түнү иштеген эмгеги менен тарыхта аты кала турганын сездим.

Түнкү Ошту кыдырып, Кыргыз көчүн, Манастын айкелин, 2 кылым жашаган саябан бакты, Барсбек баатырдын эстелигин көрүп, абдан ыраазы болдум. Азыркы кыргыз көчү турган жерде мурда коон-дарбыздар сатылып, көчө кунарсыз болуп турчу. Азыр болсо адамдар суктанган жайга айланган.

Дубалдарга майда таштардан кыргыз жашоо турмушу чагылдырып, түшүрүлгөн. Манастын айкели болсо Чыңгыз хандан кийинки Азиядагы эң чоң эстелик болуп эсептелет. Анын жанына барып, бийиктигинен Манас баатырдын бетин көрө албайсың, бийиктиги 34 метрди түзөт. Түнкү шам чырактар, адамдар отура турган отургучтар, түстүү фонтандар, үч кабаттуу боз үй, анын ички жасалгаланышы көңүлдү кушубак кылат. Театрларда спектаклдер коюлуп, филармония, кинотеатрларда концерт, кинолор тынбай көрсөтүлөт.

Аялдамаларда “Өнүксүн десек Ошубуз, өлчөбөй салым кошуңуз”, “Тазалык баарыбызга, баарыбыз шаарыбызга”, “Ош менин сүйүктүү шаарым” өңдүү адамды ойлонто турган сөздөр жазылып, илинген.

Баса, курулуш иштери күч алып, бийик имараттар салына баштаптыр... Дагы биз суктана турган курулуштар салынуунун алдында. Анын бири - эки кабаттуу көпүрөнүн курулушу, башаламан базарлар алынып, ал жерге жолдордун салынышы башталган учуру экен.

Оштун кандайдыр бир дем күч менен өнүгүп баратканын, тазалыгын көрүп, Кыргызстандын башка облустарынан, шаарларынан, Бишкектен адамдар көбүрөөк келип көрүп кетишсе, Сулайман тоого чыгып, зыярат алышса деп ойлодум.

Шаардын так ортосунда жайгашкан Сулайман тоонун өзүндө эле эмне деген кереметтер жатат. 30 кылымды карыткан байыркы Ош шаарын көрбөй коюу, укпай коюу, суктанбай коюу мүмкүн эмес. Баарыңыздарды Ошту көрүп кетүүгө чакырам.

Сымбат Максутова, журналист
XS
SM
MD
LG