Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Тегеран драмасы Оскарга татыды


"Арго" тасмасынын режиссеру жана продюсерлеринин бири Бен Аффлек салтанат учурунда. Голливуд, 24-февраль, 2013.
"Арго" тасмасынын режиссеру жана продюсерлеринин бири Бен Аффлек салтанат учурунда. Голливуд, 24-февраль, 2013.

Оскарды Тегерандагы исламдык төңкөрүштөгү барымта кризисин байандаган Арго тасмасы алды. Ошол эле мезгилде Осама бин Ладендин жок кылынышын сүрөттөгөн тасма бир да сыйлык алган жок.

Бул жолу чыныгы турмушта болгон окуялардын, эркиндик үчүн күрөштүн тайманбас баатырларынын кармашы болоору белгилүү эле.

XIX кылымда афро-америкалык кулдарга боштондук берген АКШнын 16-президент макталабы, же 1980-жылы учактан парашют менен Тегерандын үстүнөн секирип, Канаданын элчилигинен алты америкалыкты куткарган карамүртөз ЦРУнун тыңчысы даңкталабы? Болбосо, бейкүнөө туткундар да сууга тумчугуп, кыйноого дуушар болгон окуялар будамайланып, Осама бин Ладен жок кылган тымызын операция даңазаланабы?


Эң мыкты тасма номинациясына башкы сыйлыкты АКШнын биринчи айымы Мишел Обама Ак Үйдөн туруп тапшырды.
Эң мыкты тасма номинациясына башкы сыйлыкты АКШнын биринчи айымы Мишел Обама Ак Үйдөн туруп тапшырды.
Акыры АКШнын Кино Академиясы Линкольндун көкүрөк каккан мекенчилдиги менен Американын номер биринчи душманын жок кылуу үчүн жаш балдардын өмүрүн да садага чапкан тартынбаган алабармантыктын экөөсүнөн Тегерандагы барымта драмасын жогору койду.

Голливуддун эң атактуу сыйлыгы Кино Академиянын Лос-Анжелестеги 85-жолу өткөн салтанатында тапшырылды. Салтанатты Долби театрынын директору жана актриса Сет Макфарлейн алып барды. Бирок эң мыкты тасма номинациясында башкы сыйлыкты күтүлбөгөн жерден АКШнын биринчи айымы Мишел Обама Ак Үйдөн туруп тапшырды.

Бен Аффлектин тасмасында 1979-жылдагы Ирандагы исламдык ыңкылапта канадалык элчинин резиденциясына жан соогалап келген америкалык дипломаттардын аман куткарылышы сүрөттөлөт.

Сыйлыкты алып жатып Аффлек Ирандын элине да ыраазычылык билдире кетти:

– Мен бул тасмадагы ар бир адамга, аны тартууга катышкан жана ага тийешеси бар бардык тараптарга ыраазычылык билдирем. Канадага рахмат, Ошондой эле Иранда азыркыдай кыйын абалда жашаган биздин досторубузга да ыраазымын.

«Арго» менен катар Стивн Спилбергтин биографиялык «Линкольну» да Оскарды алат деп жатышкан. Ошол эле мезгилде Осама бин Ладендин жок кылынышын сүрөттөгөн «Башкы бута» тасмасы такыр эле көңүл сыртында калды.

Бардыгы болуп эң мыкты тасма категориясында 12 чыгарма бар эле.

Ошол эле учурда Бен Аффлек «мыкты режисер» деген наамга ээ болбой калды. Ал сыйлык тайвандык Аң Лиге «Пинин жашоосу» деген фантастикалык фильми үчүн берилди.

Жогоруда аталган «Линкольндо» америкалык президент Абрахам Линкольнду ойногон англис-ирланд актеру Даниел Дей-Льюис жекшембиде башкы ролу үчүн үчүнчү жолу Оскар алып, тарыхка кирди:

– Менин маңдайыма жазылгандан алда-канча көп бакты-таалайга жеткенимди билем жана Кино Академиясына мени ушунча көтөрмөлөгөнүнө чексиз ыраазымын.

Женифер Лоренс «эң мыкты актриса» наамын алды.
Женифер Лоренс «эң мыкты актриса» наамын алды.
22 жаштагы Женифер Лоренс «эң мыкты актриса» наамына «Жигитим кеңкелес» (Silver Linings Playbook) тасмасындагы ролу үчүн татыды. Бул фильмде психологиялык жана эмоционалдык оорчулукка туш келген эки жаштын ачуу-таттуу сүйүүсү баяндалат.

Сыйлыкты алып жатып, Женифер Лоренс «Адакемияга жана аялдарга рахматын айтты.

Америкалык актриса Энн Хасуэй Оскарды Виктор Гюгонун классикалык «Зарлангандар» романына негизделген, ушул эле аталыштагы мюзиклдагы Фантиндин ролу үчүн алды.

Оскар бардыгы болуп 24 номинацияда тапшырылды.

XS
SM
MD
LG