Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

"Оскардын" баш байгесин "Арго" алды


"Арго" тасмасынын режиссеру жана продюсерлеринин бири Бен Аффлек салтанат учурунда. Голливуд, 24-февраль, 2013.
"Арго" тасмасынын режиссеру жана продюсерлеринин бири Бен Аффлек салтанат учурунда. Голливуд, 24-февраль, 2013.

Айтылуу "Оскардын" баш байгесин бул ирет Бен Аффлек режиссерлук кылган “Арго операциясы” тасмасы жеңип алды.

Жекшембинин кечинде Лос-Анжелесте өткөн “Оскар” сыйлыгын ташыруу аземинде Бен Аффлек режиссерлук кылган “Арго операциясы” (Argo) аттуу триллер мыкты тасма аталды. Бул номинацияда ат салышкан тогуз фильмдин мыктысын АКШнын биринчи айымы Мишель Обама жарыялады. “Арго” тасмасы 1979-жылдагы ислам революциясынан кийин Иранда калган америкалыктарды куткаруу операциясы тууралуу баяндайт.

Сыйлык тапшыруу аземинен репортажды бул жерден угуңуз


“Мыкты режиссер” номинациясын “Пинин жашоосу” (Life of Pi) фильминин режиссеру тайвандык Энг Ли жеңип алды. Бул байге үчүн негизги таймаш “Пинин жашоосу” менен Стивен Спилбергдин АКШнын киши колдуу болгон президенти Абраам Линкольн тууралуу тасмасынын ортосунда болоору айтылган.

Дэниел Дэй-Льюис, Женнифер Лоуренс, Энн Хэтэуэй, Кристоф Вальц (солдон оңго)
Дэниел Дэй-Льюис, Женнифер Лоуренс, Энн Хэтэуэй, Кристоф Вальц (солдон оңго)
“Мыкты актер” наамына так ушул “Линкольн” тасмасындагы президентти ойногон актер Дэниел Дэй-Льюис татыды. “Мыкты актриса” сыйлыгы “Менин жигитим – акылынан адашкан” тасмасындагы аткарган ролу үчүн 24 жаштагы Женнифер Лоуренске ыйгарылды. “Экинчи пландагы мыкты актер” наамын “Боштондукка чыккан Жанго” (Django Unchained) тасмасындагы рол аткарган автриялык актер Кристоф Вальц алса, “Экинчи пландагы мыкты актриса” катары Виктор Гюгонун “Куугунтук жегендер” китебинини негизинде тартылган мюзиклдеги ролу үчүн Энн Хэтэуэй табылды.

11 категорияда талапкер көрсөтүлгөн "Пинин жашоосу" жалпы төрт категорияда утуп, бул жолу эң көп “Оскар” алган фильм болуп калды. “Арго” менен “Куугунтук жегендер” тасмалары үчтөн категорияда жеңишке жетишти. Ал эми “Линкольн” тасмасы Киноакадемиянын 12 Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөнү менен эки гана “Оскарга” ээ болду.

"Пинин жашоосу" тасмасы
"Пинин жашоосу" тасмасы
Ошондой эле “Боштондукка чыккан Жанго” жана “Скайфолл” тасмалары экиден категорияда утуп алышты. Осама бен Ладендин өлтүрүлүшүн көрсөткөн “Номур биринчи бута” (Zero Dark Thirty) фильми болсо “мыкты үн” номинациясында гана утушка жетти.

“Чет тилдеги мыкты тасма” наамын австриялык режиссер Михаэл Ханекенин “Сүйүү” (Amour) тасмасы утуп алды. “Скайфолл” фильминин саундтрегин аткарганы үчүн британиялык ырчы Адель алгачкы “Оскарына” ээ болду.

АКШнын Киноакадемиясы тарабынан 85-жолу тапшырылып жаткан “Оскар” сыйлыгы жалпысынан 24 номинацияда өттү.
XS
SM
MD
LG