Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:41

Түркия тышкы иштер министри “Пэтриот” ракеталары боюнча Ирандын сынын четке какты


Ахмед Давутоглы кечээ Анкарадан сүйлөгөн учурунда Иранды Түркиянын Сирия менен чек арасында НАТОнун “Пэтриот” ракеталары жайгаштырылуусун сындабастан, тескерисинче Дамасктагы режимге таасир көргөзүүгө чакырды:

- Түркия өз жерин коргоо үчүн улуттук жана өзү мүчө альянстын чегиндеги мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга укуктуу. Биздин Ирандан күткөнүбүз - келе жаткан коргонуу системасын сындабастан, Сириядагы режимге ачык-айкын белги берип, өз күч-кубатын Сириядагы адилетсиздиктерди токтотуу үчүн пайдалануусу.

Түркия тышкы иштер министринин бул сөздөрүнө чейин Ирандан армиянын колбашчысы жана тышкы иштер министринин орун басары НАТО ракеталарынын чек арада жайгаштырылуусу “аймактык коопсуздукка коркунуч” жаратарын жана Европа тартылган “дүйнөлүк согушка” алып баруусу мүмкүндүгүн айтышкан.

Расмий Анкара НАТОдон учактарды же ракеталарды атып түшүрүүчү коргонуу системасын жайгаштырып берүүнү өткөн айда суранган. Мындай өтүнүч Сириянын аскерий учактары анын аба мейкиндигин бузуп, артиллериядан атылган снаряддар өлкө аймагына түшкөндөн кийин жолдонгон.

АКШ коргоо министри Леон Панетта Түркияда "Пэтриот" ракеталык системасынан эки даана жана аларды иштетүүчү 400 жоокерди жайгаштырууну өткөн жума күнү буйруду. АКШнын алдында мындай кадамды Германия жана Нидерландия жасаган.

Бул аралыкта Орусия Сирияга аскерий кемелеринин жаңы тобун жөнөтүүдө. Өлкөнүн аба-десанттык күчтөрүнүн колбашчысынын айтымында, алар эгер зарылчылык жаралса, Сириядан орусиялыктарды эвакуациялоого даяр. (UE)

XS
SM
MD
LG