Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Ташиевдин саламаттыгы саясатташтыбы?


Башкы прокуратура камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин саламаттыгына байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушун соттон кайра чакыртып алды.

Буга депутаттын жактоочусунун анын бедел-баркына шек кетип жатат деген дооматы негиз болгон.

Буга чейин камактагы депутаттын психологиялык жана психикалык абалын текшерүүдөн соң аны үй камагына чыгаруу сунушу сотко жөнөтүлгөн болчу.

Акыйкатчы Турсунбек Акун аталган экспертиза адам укугун бузуу менен жүргүзүлгөн деп тергөө органдарын айыптап чыкты.

Кайтарылган корутунду

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевдин психологиялык абалын жана психикалык саламаттыгын аныктоо үчүн текшерүү дайындаган. Аталган текшерүү депутат 3-октябрдагы митингде сүйлөгөн сөзүнө жана жасаган аракетине жооп бергенби деген суроонун башын ачмак.

Ал экспертизанын жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевди үй камагына чыгаруу сунушун сотко жөнөткөн болчу. Бирок текшерүү кандай шартта жүргүзүлгөнү жана анын бүтүмү эмнеге байланыштуу экенин тергөө органдары ушул кезге чейин коомчулуктан жашырып келди.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жыргалбек Курманбеков депутаттын жактоочусунун аталган бүтүм боюнча дооматынан кийин Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси артка кайтарылганын белгиледи:

- Экспертиза болгондон кийин анын негизинде баш коргоо чарасын карап чыгуу боюнча эксперттердин сунушу болгон. Мына ошонун негизинде өтүнүч келтирилген. Бирок депутаттын адвокаты аталган бүтүм анын бедел-баркына шек келтирет деп билдирүү тараткандыктан улам Башкы прокуратура Ташиевдин баш коргоо чарасын кароо боюнча өтүнүчтү кайра чакыртып алды. Мына ошондуктан анын баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов муну менен башкы көзөмөл органы өзүнүн ишине так эмес экенин көрсөттү деп сынга алды:

- Ырас, мурда мына ошол экспертизанын корутундусу чыккан болсо, ага ылайык Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч сотко жөнөтүлсө, бирок сот аны карай электе эле адвокаттын айтканы боюнча аны кайра чакыртып алуу бул – жумуштагы ырааттуулуктун жоктугу жана туруксуздуктун белгиси.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Ошол эле кезде Ташиевдин психологиялык абалын жана психикалык саламаттыгын текшерүү боюнча дайындалган экспертизанын мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлдү. Анткени адамдын психологиялык абалы менен психикалык саламаттыгын текшерүүнүн ортосундагы айырмачылык коомчулукка ачык жарыяланган эмес.

Ошондой эле аталган экспертиза объективдүү шартта жүргүзүлбөгөндүктөн анын бүтүмү күмөндүү болушу мүмкүн.

Мына ушундай жүйө келтирген акыйкатчы Турсунбек Акун Ташиевди текшерүүдө адам укугунун ченемдери сакталган эмес деп эсептейт:

- Мен Ташиевдин аракеттерин эч убакта актабайм. Бирок ал адам. Анын психологиялык абалын же психикалык саламаттыгын текшерүү кандайча мыйзамдуу шартта жүргүзүлгөнү боюнча прокуратура документтерди көрсөткөн жок. Анан ал корутундуну туңгуюк кылып эле, сотко баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сунуш келтирип жатканы таң калычтуу. Муну адамдын тагдыры менен ойноо деп түшүнөм. Прокуратура ачык айтпаганы менен кыйыр түрдө Ташиевдин баш мээсинин саламаттыгы боюнча шек келтирди. Мыйзам боюнча мындай экспертиза жүргүзүү үчүн мына ошол адамдын же анын жакындарынын макулдугу керек болчу. Бирок бир нече суроо бере койуп эле ошонун негизинде корутунду бар деген адам укугун басмырлоо.

Кумурскадан пил жасап...

Психологиялык абал – илимде кайсы бир жагдайдан улам ар бир адамда пайда боло калчу эмоционалдык мүнөздөмө. Адистер аны менен психикалык саламаттыктын ортосундагы айырмачылыкты белгилеп, экөөнө бирдей учурда экспертиза дайындоо туура эмес дешет.

Психолог Акчач Жолдошева Ташиевдин саламаттыгын текшерүүнү саясатташтырбаш үчүн ага көз каранды эмес экспертиза дайындоо зарылдыгын белгиледи:

- Эмнеге эле маалымат каражаттары аркылуу кыйыр түрдө Ташиевдин психикалык саламаттыгы боюнча маселени көтөрүп жатышканына түшүнбөйм. Эгерде мына ошондой зарылдык бар болсо, аны көз каранды эмес шартта уюштурса болот эле го. Ошондо коомчулук ынанмак. Бирок мен адис катары анын саламаттыгынан күмөнүм жок. Болгону мына ошол күнкү айлана-чөйрөнүн таасиринен жана жагдайдан улам ал ошол учурда ошондой абалда болду. Муну жөн гана адамдын ашкере эмоционалдык абалы катары баалоого болот.

Ташиевди үй камагына чыгарууга негиз болчу мына ошол экспертизанын бүтүмү кылмыш ишине кандайча тиркелери белгисиз. Корутунду анын психикалык саламаттыгы боюнча болсо, мыйзам боюнча депутаттын саясий ишмердигине чекит коюлуп, ага дарыланууга туура келет. Бирок авторитардык режимдердин тушунда бийликке ыңгайсыздык жараткан дени сак адамдарды деле психикалык оорулууга чыгаруу практикасы болгонун эстен чыгарбоого туура келет.

XS
SM
MD
LG