Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

УЕФА президенти Мишель Платини Бишкекте


Атактуу футболчуну Кыргыз президенти кабыл алды.
Атактуу футболчуну Кыргыз президенти кабыл алды.

9-октябрда Кыргызстанга УЕФА президенти, атактуу футболчу Мишель Платини келди. Франция футболуна атак алып келген Платини дүйнөлүк гранддардын алдыңкы сабында турат.

Мишель Платини Франциянын Жөф шаарында математик мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Түбү - италиялык эмигранттын небереси. ХХ кылымдын башында Италиядан Франциянын түштүгүнө көчүп барышкан.

57 жаштагы УЕФА президенти - бир уул, бир кыздын атасы. Бала чагынан футболго ышкыбоз болуп чоңойгон экен. Бош убактысында уулу менен топ тебишкен атасын Мишель “биринчи устатым” деп айтып келет. Көптөгөн жеткинчектер сыңары эле Платини да Пелени кумир тутуп, футболго тагдырын арнаган. Ошондуктан ал өспүрүм кезинде өзүн “Пелеатини” атап, футболкасына да ушинтип жазып алчу экен.

11 жашында Платини “Жөф” футбол клубуна кабыл алынып, анда 6 жыл ойноп, адистердин көңүлүн бурган. Андан кийин “Нанси” футбол клубунун катарына алынып, биринчи ирет кесипкөй футболчу катары келишим түзгөн. Чоң футболго каалгасын ачкан, нукура күжүрмөн катары калыптанышына “Нанси” командасынын салымы зор экенин Платини ар дайым эскерип жүрөт. Бул командада жүргөндө талбай машыгып, жасалма “дубал” коюп, топту таамай тебүүнүн ыкмаларын терең өздөштүргөн. “Нанси” клубунда 214 оюнга катышып, 127 топ киргизген.

21 жашында Мишель Франциянын куралдуу күчтөрүнүн катарында спорт ротасында кызмат кылып, улуттук тандалма командага мүчө болгон жана Монреаль олимпиадасында Франциянын намысын коргогон.

"Нансиден" соң Платини “Сент Этьен” командасында 3 жыл ойноп, чеберчилигин арттырган. Анын андан аркы тагдыры Италиянын Турин шаарындагы айтылуу “Ювентус” командасына байланышкан. Бул клубда 5 жыл ойноп, анын атагын дүйнөлүк аренага таанытты. Ошол учурда командасы Италия кубогун утуп, Италиянын чемпиону аталган.

Кыргызстан футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Өмүрбек Кутуев дүйнөлүк футбол тарыхында Мишель Платини “Алтын топ” сыйлыгын 3 ирээт катары менен алганын эске салат:

- Азырынча аргентиналык Лионель Месси гана анын көрсөткүчүн кайталай алды. Ал Франциянын тандалма командасынын катарында узак убакыт мыкты бомбардир аталып, 41 топ киргизген. Бала чагында Пеледей болууну самаган Мишель 2004-жылы ФИФАнын эң мыкты 100 футболчусунун тизмесине катталган. 2011-жылы чет өлкөлүк тамыры италиялыктардын эң мыкты футболчусу деп таанылган.

“Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбековдун пикиринде, Мишель Платини УЕФАнын президенти катары мыкты уюштуруучу катары таанылды. Анын кыргыз жергесине келиши футболго кызыгууну тереңдетип, Европага эшик ачып, достук байланышка данакер болмокчу.

Платининин сыйлык, наамдарын атай берсе узун тизме болот. Ал Франциянын курама командасынын катарында 1984-жылы Европа чемпиону аталса, 1986-жылы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси болгон.

Мындан тышкары Франциянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – “Ардак Легион” ордени менен сыйланган. Мындан сырткары, “Шевалье, "Офицер" ж.б. орден- медалдардын ээси. Ошондой эле ал ойногон “Ювентус” командасы Италиянын 2 жолку чемпиону, Италия кубогу, Европа чемпиондор кубогунун ээси. Европанын Супер кубогунун жеңүүчүсү, Континенттер аралык кубоктун ээси. Мишель Платинин Европанын 3 жолку мыкты футболчусу аталып, бир нече жолу Европа, Италиянын мыкты чабуулчусу катары таанылган.

Ал 2007-жылдан бери УЕФАнын президенти болуп, Европадагы футболду дүйнөгө тааныта алды,- дейт өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов.

Кыргыз жергесине келген Мишель Платини Европа футбол клубдары менен кызматташууга жол ачып, кризиске баткан кыргыз футболуна таасири тийсе деген тилек ар бир футбол күйөрманынын көөдөнүндө турат.

Бул сапардын учурунда Мишель Платини өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, футболду өнүктүрүү маселелерин талкууга алды. Мындан сырткары футбол федерациясынын жетекчилери менен да жолукту.

Кечинде ал Бишкектин борбордук стадионундагы “Легенда кубогу” мелдешине катышты. Анда Бишкектин “Алга” жана Оштун “Алай” командалары беттешип, негизги бөлүктө командалар 2:2 эсебинде тең чыкты. Ал эми пенальтиде “Алайдын” футболчулары артыкчылык көрсөтүп 7: 5 эсебинде жеңишке жетти. УЕФА президенти Мишель Платини жеңген командага өз колу менен "Легенда кубогун" тапшырды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG