Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Жаныш Бакиевди Минскиден көрүштү


Беларус -- Жаныш Бакиев Минскиде, 17-август, 2012. (Беларустагы «Чындыкты айт» коомдук уюмунун активисти Михаил Пашкевич тарткан сүрөт)
Беларус -- Жаныш Бакиев Минскиде, 17-август, 2012. (Беларустагы «Чындыкты айт» коомдук уюмунун активисти Михаил Пашкевич тарткан сүрөт)

Беларустагы оппозициячыл уюмдун мүчөсү кыргыз бийлиги издөө салган Жаныш Бакиевди өткөн жума күнү Минскиде сүрөткө тартып алган.

Жаныш Бакиевге 7-апрелде элге ок атууга буйрук бергени жана башка бир топ кылмыш иштери боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Ал эми агасы, экс-президент Курманбек Бакиевди Беларус бийлиги Кыргызстанга кайтарып берүүдөн баш тартып, ага жарандык бергени да айтылган болчу.

Жаныш Бакиев Минскиде ээн-эркин эле жүрөбү?

Беларустагы оппозициячыл «Чындыкты айт» коомдук уюмунун активисти Михаил Пашкевичтин "Азаттыкка" айтымында, ал Жаныш Бакиевге окшогон адамды Минскинин борборундагы "Грюнвальд" кафесинен көрүп, сүрөткө тартып алганга жетишкен.

Пашкевич алгач аны Курманбек Бакиев өзү болсо керек деп ойлогонун айтат.

- Бул окуя өткөн жума күнү Минскинин чок ортосунда, Карл Маркс көчөсүндөгү “Грюнвальд” кафесинде болду. Бул кафеде адатта президенттик администрациядан, Тышкы иштер министрлигинен да аткаминерлер болушат. Ошондуктан менимче, бул адамдын ал кафеде дайыма болору эч кимге деле жашыруун эместей. Ал жердин кызматкерлери деле ага күндөгү кардар сыяктуу гана мамиле кылып, өзгөчө реакциясы байкалган жок. Ал эми биздин бул адам Бакиев экенинен эч кандай шегибиз жок болчу. Бирок териштирип келгенде, ал экс-президент Курманбек Бакиев эмес, иниси Жаныш экени аныкталды. Андан соң изилдеп, Жаныш Бакиев Интерпол аркылуу издөөдө экенин билдик.

Жаныш Бакиев (ортодо) эки адам менен сүйлөшүп турат. Минск, 17-август, 2012.
Жаныш Бакиев (ортодо) эки адам менен сүйлөшүп турат. Минск, 17-август, 2012.
Беларус оппозиционери тартып алган сүрөттө Жаныш Бакиев бир азият жана бир европа түспөлүндөгү эки адам менен кафенин жанында, жол жээкте турганын көрүүгө болот. Жанындагы ал эки адамдын ким экени азырынча белгисиз. Сүрөттөгү адам Жаныш Бакиев экени чын болсо, анда анын Минскиде ээн-эркин эле жүргөнүн байкоого болот.

Михаил Пашкевич Жаныш Бакиев боюнча Беларус Ички иштер министрлигине атайын кайрылуу жасаарын билдирди. Анын айтымында, Беларус бийлиги зарыл учурда, анын ичинде саясий максатта да Интерполдун кызматын пайдаланып келатат. Андыктан ал Беларус бийлиги да издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевди кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүүгө милдеткер деген ойдо.

Пашкевич ошону менен катар Беларус диктаторлордун баш паанек жайына айланып баратканына кабатыр:

- Беларус өз мамлекеттери кубалап чыккан жана кылмыш иши козголгон диктаторлордун акыр-чикирине айланып баратканы өкүндүрөт. Мейли, Лукашенко башкарабы же Берлускониби, баары бир бул факт өлкөнү уят кылат.

Жаныш Бакиевди алып келүү мүмкүнбү?

Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаев эгер Жаныш Бакиевдин Беларуста жүргөнү чын болсо, анда аны 1993-жылы КМШ мамлекеттери кол койгон Минск конвенциясына ылайык, Кыргызстанга алып келүү мүмкүн деп эсептейт.

- Минск конвенциясына ылайык, башка мамлекетте кармалса, кылмышкерлерди өткөрүп бериши керек. Ошол конвенцияга жараша Беларус Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бериш керек болот. Бирок Курманбек Бакиев деле Минск конвенциясына туш келет, ал деле киши өлтүргөн, команда берген дегендей. Бирок тилекке каршы аны деле бербей койбодубу.

Апрель окуясынан кийин өлкөдөн качкан экс-президент Курманбек Бакиев Беларустан баш панек таап, кийин ага жарандык берилгени да айтылган. Аны Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча Бишкектин сунушун Минск бир канча ирет четке кагып, анын саясий куугунтук катары санап келатат.

Жаныш Бакиевге болсо 7-апрелде элге атууга буйрук бергени, мындан тышкары Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча да айыпталып, эл аралык издөө жарыяланган. Анын Беларуста жүргөнү боюнча маалыматтар бар экенин Кыргызстандын укук коргоо органдары буга чейин билдирген болчу.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов мындай дейт:

- Ага эл аралык издөө жарыяланган. Анын ошол жакта бар экени бизге белгилүү болуп, башкы прокуратура аркылуу аны кармоо боюнча атайын иш-чаралар да белгиленген. Жаныш Бакиев агасынын жанында экени боюнча маалымат бар болчу. Бирок Беларус бийлиги кармап берүүгө макулдугун бербей жатпайбы.

Ал эми экс-президент Курманбек Бакиевдин башка бир тууганы, өткөн жылы жети жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиев быйыл жыл башында жатак абакка которулгандан соң, март айында качып кеткен. Анын да Кыргызстандан чыгып кеткени айтылган.

XS
SM
MD
LG