Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:58

Төө-Ашууда туннел аркылуу өтүү убактылуу чектелди


Ош-Бишкек жолунда Төө-Ашуу өтмөгүндөгү Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин желдеткичтерин алмаштырууга байланыштуу унаа каттамы кечээтен бери убактылуу чектелди.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин өндүрүштүк көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Калдар Шалтаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, жол түнкү саат 11ден таңкы 5ке чейин жабык болот.

Туннелди оңдоо иштери үч айга - октябрга чейин созулмакчы.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген жалгыз кан жолдогу туннел 1964-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери баштан-аяк бир жолу оңдолгон. Узундугу 2 чакырым 700 метрди түзөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG