Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

"Кызыл чырым" Сирияда кырдаал кескин начарлап жатканын эскертти


Эл аралык "Кызыл чырым" соопчулук уюму Сириянын бир нече аймагында кагылышуулар күчөп, абал начарлап кеткендигин билдирди. Уюмдун маалымат кызматы кабарлагандай, Хомс шаарында өкмөттүк аскерлер кол салганда козголоңчулар топтошкон оодандардан жүздөгөн киши качып чыкты. Британиянын тышкы иштер министри Уиллиам Хааг Сириядагы кырдаалды 1990-жылдардагы Балкан согушуна салыштырды:

Сириядагы абал 90-жылдардын башындагы Боснияны эске салат. Биз ага былтыркы Ливиядагы абалдай карабашыбыз керек. Азыр бардык аракет тынчтык жол менен бийлик алмашышына багытталып жатат, анткени согуш дагы көп кишинин өмүрүн алып, Сирия элинин гана азабын көбөйтөт.

Маалыматтарга караганда, Хаффа шаарында нааразы тургундар Бириккен улуттар уюмунун байкоочуларын кууп чыгышты. Алардын үч унаасы аткыланды, эч ким жапа чеккен жок. Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон расмий Москва Сирияга согуштук тик учактарды жиберип жатат деген тынчсыздануусун билдирди. Орусия анын курал экспортунун жаңжалга тиешеси жок экендигин айтууда.

XS
SM
MD
LG