Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:44

Кечирчи, Сапаргүл!


“Табигат аялзатты жаратарда күндүн жүзүнөн, айдын нурунан, гүлдүн жытынан, ак куунун мойнунан, аркардын көзүнөн, суунун тунуктугунан, маралдын келбетинен жана ага карама каршы сагызгандын сактыгынан, түлкүнүн куулугунан, жыландын тилинен, коёндун коркоктугунан чогултуп, анан эркекке берет экен. “Ме, өмүр бою кучагында чалкы да, өмүр бою тытышып өт!”" деп жазылат жазуучубуз Мурза Гапаровдун чыгармасында.

Мен да көп сөздөрүн унутупмун. Эгер Мурза аке (Гапаров) тирүү болгондо мунун баарын сүрөттөп бермек, Сапаргүл. Бирок ал киши тирүү болгондо ушул сенин азыркы абалыңды кантип сүрөттөмөк? Билбейм...

А мен болсо күнүгө сайттан сен турган бетти карайм, сенин үнүңдү угам,сага жазылгандарды окуйм, жакшы жазгандарды жактап алам, жаман жазса жектеп алам, абалыңды элестетем, балдарыңды ойлойм, ата-энең, бир туугандарың түшүнсө экен дейм, жардамга тезирээк келишсе, жанагы сени чечинтип тытмалаган “карышкырлар” табылып жазасын алышса дейм. А бирок ошондон кийин сен алган жараат айыгабы? Албетте жок. Ошон үчүн кечирчи, Сапаргүл!

Мындан 21 жыл мурун эгемендикти алганбыз. ”Ура, биз эркинбиз!” деп шапкебизди көккө ыргытканбыз, элибиз базарга агылган, жумушсуз калган эркектер оор жүктү көтөрө албай көбү үйдө калып, дал ушул өзүңө окшош аялдар кеткен, чаар сумканы моюнга асып, балдары калган эне мээримин көрбөй, ата тарбиясы жетишпей. Эми ошондогу балдар, кыздардын соңкусу 21ге чыгыптыр, алды отуздан ашыптыр. Сенин күнөөң эмес Сапаргүл, ата-энесиз, билими тайкы өскөн улан-кыздын чектен ашкан жоруктарынын курмандыгысың (суракка алган жигиттердин бири “Кыргызстан деген шаардан келиптир” деп айтып жатпайбы). Кечире көр, бул сенин эмес, улуттун трагедиясы!

Эгер европалык же америкалык аял болгонуңда мындай жапайы жазадан запкы жемек эмессиң. Жеген күндө да коомчулук, тартип коргоо органдары тез эле көтөрүп чыкмак, “"Патриоттордун" намысына тийиптир”, “Бузулган кыз экен”, “Өзү келип арыз жазсын” деп күтүп отурушмак эмес. Андай запкы көргөн адам сойку болгон күндө да элементардуу адамдык укугу бардыгын өзү да билип, эбак эле бир жыйынтык чыкмак. Мыйзамы мыкты иштеген, колундагы баласы 3-4 жашка чыкканча социалдык жөлөк пул менен камсыз болуп, ар биринин жумушу бар, үйү бар, аялдарын талаага тентитпеген америкалык же европалык аял же матриархат-энелик доордо ханышадай күн кечирип келишкен еврей аялы болбой калганың үчүн кечирчи, Сапаргүл!

“Манастын урпактарыбыз!” деп сүйлөшсө сөздөрүнөн чаң чыккан “Багынбас эл! Баатыр эл!” болуп мактанышкан, көкүрөктө эч нерсе жок, көөдөн көңдөй, болгону эки революция жасап, эки президентти кууп чыккан эл катары таанылган, Ош кыргынында да алгач күнөөлүүлөрдү таппай, жанагы сепаратист деген шумдуктарын желкелебей, келип эле алардын алсыз жандарына кол салган, мыкаачы, каны суюк, жеңил ойлуу эркеги көп Кыргыз деген элден жаралып калганың үчүн кечир!

Улуттук идеология жок, улут каймагыбыз делгендердин да болгон бүткөн жетишкендери ошол экен, сакал коюп, селде чалынып, кечээги берүүдө көргөнүңдөй ал жырткычтардын кылганы туурабы десе “алар эркек” деп жооп берген, даават өткөргөндөрү айыл аралап, “Аялыңдын шайтанын күүп туруу үчүн камчың дубалда илинип турсун” деп үгүттөөчүлөрү көп, аларды угуп, билим деген жок, агрессивдүү, каны суюк, күндүзү намаз окуп, кечинде сойкуканаларга барган, болгон күчүн аялды ур-токмокко алгандан чыгарган динге ууланганы көп элден жаралып калганың үчүн кечир, Сапаргүл!

Эгер кечире алсаң кечир! Сага жасагандардыкы 100 пайыз туура эмес. Сенин күнөөң жок! Сен эл алдында аксың! Бир гана биздин ушул ашмалтайы чыккан ушул коомдун, замандын курмандыгы болдуң, Сапаргүл!

Карамат Токтобаева, эркин журналист. 8-июнь, 2012-жыл
XS
SM
MD
LG