Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:34

Рушайло Кыргызстан боюнча өкүлдүк кызматынан бошоду


Орусия президенти Дмитрий Медведевдин Владимир Рушайлону Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүү боюнча атайын өкүл кызматына дайындоо жөнүндөгү жарлыгы күчүн жоготту. Бул тууралуу орус президентинин жаңы жарлыгы чыкканын Орусия мамлекетинин укуктук маалымат порталы кабарлайт. Кыргызстан боюнча орус президентинин атайын өкүлү болуп Рушайло 2010-жылы май айында дайындалган. Бул кызматта ал жаңыдан бийлик алмашкан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү ишине жооптуу болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG