Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Ош-Бишкек: Кошумча аба каттамы киргизилди


Ош-Бишкек унаа жолу жабык тургандыктан бүгүнтөн тарта кошумча аба каттамы киргизилди. Бул маалыматты Ош аэропортунун директору Орозбек Калдаров “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, Ошко жана Бишкекке барууну каалаган жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүп кеткен. Ошол себептүү “Кыргызстан” авиакомпаниясы жол ачылганга чейин кошумча бир каттам кошууга макул болгон.

Калдаров учурда аэропортто Бишкекке кетүүнү каалаган 20-30 адам турганын кошумчалады. Ал эми жүргүнчүлөрдүн бири “Азаттыкка” 100гө чукул адам топтолгонун, билеттин баасы 8 миңге чыкканын телефон аркылуу билдирген. Бирок Ош аэропортунун директору бул маалыматты "чындыкка дал келбейт" деп, четке какты.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жол 20-марттан бери жабык турат. “Жол качан ачылары азырынча белгисиз”- деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов. Учурда Ош-Бишкек жолунда 400гө чукул жеңил жана жүк ташуучу унаа жүргүнчүлөр менен токтоп турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG