Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:33

Жергиликтүү шайлоолор: Караколдо нааразылык чыкты


Оштогу бир шайлоо бекетининен, 4-март, 2012.
Оштогу бир шайлоо бекетининен, 4-март, 2012.

4-мартта өткөн жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары белгилүү боло баштады.

Бүгүн көз карандысыз байкоочулар жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын билдире башташты. “Таза шайлоо”, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы”, “Кылым шамы” уюмдары Ошто маалымат жыйын өткөрүшүп, кечээ өткөн жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын тааныды.

Ошто шайлоо тынч өттү

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы алдын ала маалыматка ылайык, Ошто шайлоочулардын 75% ашууну добуш берген. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча “Улуттар биримдиги” партиясы 47,35 пайыз добуш менен алдыга чыкты. Социал-демократтар 24% жакын, “Республика” 17,07, “Адилеттүү Кыргызстан” 5,05, “Ата Мекен” 2,3 пайыз добуш алды. “Замандаш” 1,67, “Элдик демократиялык” партия 0,98 пайыз добушка ээ болду.

Көз карандысыз добуш берүү учурунда бир катар добушканаларда мыйзам бузуулар катталып, айлампа ыкмасы колдонулганы белгиленүүдө. Ошондой эле шайлоочулардын тизмеге кирбей калган учурлары болгон. Бирок байкоочулар бул кемчиликтер шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир бербестигин билдирүүдө.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын Оштогу өкүлү Эркемурат Асанов буларды айтат:

- Шайлоо өттү. Айрым одоно, көптөгөн мыйзам бузуулар болгон шайлоо участкалар боюнча кыркка жакын актыларды бүгүн аймактык шайлоо комиссиясына беребиз. Алар карап чыгып өзүнүн чечимин кабыл алыш керек. Жалпысынан шаар боюнча алганда шайлоо өттү.

Жекшембидеги добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, Ош шаардык кеңешине кайсы партия канча мандатка ээ болоору аныкталды. Боршайкомдун Оштогу атайын өкүлү Расулбек Кадыровдун “Азаттыкка” кабарлашынча, Ош мэри Мелис Мырзакматовго таандык экени айтылып жүргөн “Улуттар биримдиги” партиясы 21-22, Кыргызстандын социал-демократтар партиясы 11, "Республика" 8, “Адилеттүү Кыргызстан” 2, “Ата Мекен” 1 орунга ээ болот.

Караколдо тополоң чыкты

Анктен менен Караколдогу шаардык мэриянын алдына кечээки шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия жана коомдук уюмдардын 60тан ашуун өкүлү чогулду. Алар шайлоону мыйзамсыз деп таанууну аймактык шайлоо комиссиясынан талып кылып атышат.

Шайлоого катышкан “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин өкүлү Максат Касенов шайлоо маалында ар кандай одоно мыйзам бузуулар болгонун белгиледи.

- Башка айылдан келген адамдар өздөрүнүн жана башка адамдардын паспорту менен кирип эле добуш берип атат. Ага эч ким, шайлоо комиссиясы дагы, төрагасы дагы тоскоолдук кылган жок. Каракол шаарынын шайлоочуларынын саны президенттик шайлоодо 32 миң адам болчу. Азыр 13 миң кылып койду. Шайлоочулар өзүбүз чуркап жүрүп дагы төрт миң коштурдук. Ошондуктан Караколдо шайлоо адилетсиз болуп калды деп нааразы болуп чыктык. Биздин талаптар аткарылбаса төрт күндөн кийин Каракол шаарында чоң митинг болот.

Алдын ала маалыматка ылайык, Караколдо шайлоочулардын 53% ашууну катышты. Натыйжада ушул саатарга карата КСДП – 20% чукул добуш алып алдыга чыкты. Анан 11% менен “Республика”, 10% ашуун добуш алып “Союз” шайлоочулар тобу, 7,17% менен "Табылга" жаштар кыймылы келатат. “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук бирикмеси 5% ашуун добушка ээ болду.

Караколдо шайлоонун жүрүшүнө нааразы болгондор кечээ шайлоо аяктагандан кийин, саат ондор чамасында Караколдогу мэриянын алдына чыгып, кеминде 80-100 чамалуу адамдар топтолгон. Алар мэриянын имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Натыйжада эки милиционер жаракат алган. Бул факт боюнча “шайлоо жараянына тоскол болуу”, “бийлик өкүлүнө кысым көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

- Шаардык мэриянын ичине кирүүгө аракет кылышкан. Жолдон таяк, таштарды алып администрацияны көздөй ыргытканда эки милиция кызматкеринин башына тийип, жаракат алышты. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду, азыр уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ал ортодо көз карандысыз байкоочулар нааразы топтун талаптарын негизсиз деп белгилеп жатышат.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын Караколдогу өкүлү Замира Оторбаева:

- Кечээ митингге чыккандар добуштарды санатпай коюшту. Анан түнкү саат 3төн өтүп жаап кетишти. Бүгүн санайын десе кайра 70тей адам чогулду. Алардын талабы жөндүү деле эмес, жөн жерден эле ызылдап жатышат. Талаптары мыйзамсыз. Өтпөй калдыбы, өтпөй калды да...

Ал эми “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын Токмок шаарындагы өкүлү Валентина Сетрина айрым мыйзам бузууларды эске албаганда, шайлоо тынч өткөнүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шайлоочулар он күн мурда өздөрүн тизмеден тактаганына карабай добуш берүү күнү өздөрүн тизмеден таппай калган учурлар кездешкен.

4-мартта Ош, Токмок жана Каракол шаардык кеңештерге депутаттарды, ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент, Маргун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим, Атай, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал, Жумгал районуна караштуу Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине шайлоо болду. Аталган аймактарда шайлоо тынч өткөнү айтылууда. Эми шайланган депутаттар шаар мэрлерин жана акимдерди шайлашат.

XS
SM
MD
LG