Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Митт Ромни АКШдагы теледебатта сынга кабылды


Ал Массачусетс штатынын мурдагы губернатору - Республикалык партиядан АКШ президенттигигине талапкер болууга умтулгандардын бири. Бул партиянын жарышта калган беш талапкери кечээ кечинде Түштүк Каролина штатындагы теледебатка катышты.

Буга чейин Айова жана Нью-Хэмпшир штаттарындагы баштапкы шайлоо – праймеризде жеңишке жетишкен Митт Ромнинин мурда жеке ишкерлик менен алектенгени атаандаштары тарабынан сынга алынды.

Ички партиялык шайлоонун кезектегиси ушул ишемби күнү Түштүк Каролина штатында өтөт. Митт Ромни эгер анда жеңишке жетишсе, Республикалык партиядан талапкерликке укук алары дээрлик анык болуп калат.

Республикалык партиянын талапкери ноябрдагы шайлоодо азыркы президент Барак Обама менен атаандашат.

Республикалык партиядан президенттикке талапкер болуу үчүн күрөшүп жаткандар арасында Митт Ромниден тышкары Конгресстин эл өкүлдөр палатасынын мурдагы төрагасы Ньют Гингрич, мурдагы сенатор Рик Санторум, Техас штатынын конгрессмен Рон Паул, Техас штатынын губернатору Риск Перри бар.

XS
SM
MD
LG