Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Сариев: Өкмөт түзүмүнө туруктуулук керек


Темир Сариев
Темир Сариев

Өкмөттүн жаңы түзүмүнүн күңгөй-тескейи тууралуу убактылуу өкмөттүн мүчөсү, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевди кепке тарттык.

- Өкмөттүн түзүмү тууралуу жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстандагы жыйырмага чукул министрлик, мекеменин кеминде бешөө жоюлат экен. Соңку өзгөрүүлөргө, өкмөт түзүмүн өзгөртүү аракетине сиз кандай баа берип жатасыз? Кыскартуулар үнөмдөөгө жол ачабы?

- Мен сунушталып жаткан долбоорду көрдүм. Интернет сайттарына чыкты. Албетте, өкмөттүн курамы кыскартыла турганы бүгүнкү күндүн талабы. Муну туура кабыл алса болот. Экинчиси, өтө орчундуу нерсени айтып кетишим керек. Бизде көп убакта мамлекеттик органдарга текшерүүлөр, уруксат берүү органдары көп деп даттанып келишет. Ошондуктан эки техникалык инспекция түзүлүп жатыптыр. Бирөө техникалык, экинчиси ветеринардык жана коопсуздук инспекциясы.

Ошонун ичинде бардык текшерүү инспекцияларынын баарын тең чогултуп жатыптыр. Эгерде ушул багытта кете турган болсо, анан министрликтердин функцияларын өзгөртүп, ашыкча тейлөөлөрдүн баарын тең алып, же болбосо аларды бизнес ассоциациялардын өздөрүнө өткөзүп бере турган болсо, бул колдоого алына турган багыт. Албетте кыскартуулар болгондон кийин, каржылоолор кыскарат.

- Былтыр жаңы коалиция куралганда да өкмөт түзүмү кайрадан каралып чыккан. Улам бир мекемени жоюп, кайра жаңысын ача берүү эмнеге алып келет? Кесепети кандай болушу мүмкүн? Түзүмү тез-тез өзгөргөн өкмөттөн жакшы натыйжаларды күтүүгө болобу?

- Албетте, бизге туруктуулук керек. Өзгөчө өкмөт түзүмүндө туруктуулукка зарылчылык бар. Анткени ар бир мекеме түзүлгөндөн кийин анын функциялары аныкталып, ошого жараша иш башталып, бирок бир жылга жетпей эле кайрадан түзүлө берсе, туура өнүгүүгө шарт түзө албайт. Ошондуктан туруктуу өкмөттүн түзүмү болсо деп көптөр талап кылып жатат. Мен ойлойм, биз бара-бара ушуга келебиз.

Оптималдуу вариантты азыр издөө жолу болуп жатат. Четинен, четинен түшүнүк пайда болду. Биз азыр өкмөттү түзө турган орган бул парламент деп айтып жатпайбызбы. Ошо депутаттарда түшүнүү пайда болсо, келечекте туруктуу өкмөттүн түзүмүнө келип токтойбуз деп ойлойм.

- Ал эми бул жолку түзүм туруктуу болот деп ойлойсузбу?

- Биз азыр өткөөл убактын башындабыз деп айтып жатпайбызбы. Азыр изденүү жүрүп жатат. Анткени парламенттик башкаруу системасы толук калыптана элек. Бизде парламенттик маданият, тажрыйба толук иштелип чыгып, туруктуу боло элек. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болот. Бирок негизги багыттар өзгөрбөшү керек.

- Өкмөттүн түзүмү жаңырганы менен министрлик, мекемелерди көзөмөлдөө жагы колго алынбай калганы сынга алынып келет. Канткенде көзөмөлдү жакшыртуу керек деп ойлойсуз?

- Эми көзөмөлдөө эки жагынан болот. Биринчиси, Конституция боюнча парламент көзөмөлдөп турат. Парламенттин негизги функциясы мыйзам кабыл алуу жана аткаруу бийлигин көзөмөлдөп туруу. Көзөмөл десе, чакырып алып эле кыйкыра берүү эмес, алардын ар бир багыттары боюнча, тереңирээк карап, комитеттер көзөмөлдөп турушу керек.

Экинчиси, коомдук уюмдар жана массалык маалымат каражаттары көзөмөлдөйт. Азыр көзөмөлдүн биз аз элементтерин көрүп жатабыз. Былтыр быйылкы өкмөттүн туура кылып жаткан иштерин ачып чыгуу деле көзөмөлдүн бар экенин көрсөтөт.

- Өкмөт түзүмү аныкталгандан кийин, курамына кимдер министр болуп келишет? Реформа түздөн-түз ушуга көз каранды го... Өкмөт курамына кир деген сунуш түшсө, кабыл алууга даярсызбы?

- Төрт фракция парламенттик көпчүлүктү түздү. Мен ойлойм, ошолордун өкүлдөрү киришет. Саясий кызматты гана бөлүшүү деп макулдашылган. Ал эми калган мекеме, тармактарга кесипкөйлүгүнө жараша алабыз деп айтып жатышат. Мен ойлойм, өкмөттүн мүчөсү болуп, ошол төрт фракциянын өкүлдөрү киришет. Ал эми “Ак шумкар” партиясына сунуш түшсө, биз муну кабыл алабыз. Анткени көп багыттар биздин программага төп келип олтурат.

XS
SM
MD
LG