Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Вашингтондо АКШ менен Ирактын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өттү


Барак Обама жана Нури ал-Малики Ак үйдө. Вашингтон, 12-декабрь, 2011-жыл.
Барак Обама жана Нури ал-Малики Ак үйдө. Вашингтон, 12-декабрь, 2011-жыл.
Президент Барак Обама менен премьер-министр Нури ал-Маликинин сүйлөшүүлөрү АКШнын акыркы аскерлери Ирактан чыгып кетүүгө даярданып жаткан кезде болду.

Ирактын премьер-министри менен бирге өткөргөн басма сөз жыйында Обама тогуз жылдан кийин Ирактагы согуш бүтүп жатканын белгиледи:

- Жакынкы күндөрү Американын акыркы аскери Ирактын чек арасынан ар-намыс менен жана башын жогору көтөрүп өтөт. Дээрлик тогуз жылдан кийин биздин Ирактагы согуш ушул айда аяктоодо.

Барак Обама Иракты АКШнын туруктуу өнөгү деп атады жана башка өлкөлөргө Ирактын ишине кийлигишпөөнү эскертти. Бул эскертүү Иранга багытталгандай болду.

Премьер-министр Нури ал-Малики Вашингтонго чоң делегация менен барган. Эки күндүк сапары учурунда ал Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, вице-президент Жо Байден жана жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен да жолугат.

XS
SM
MD
LG