Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Каирде каршылыктын жаңы толкуну


Тахрир аянтындагы демонстранттар көздөн жаш агызуучу газдан коргонууда. 21.11.011
Тахрир аянтындагы демонстранттар көздөн жаш агызуучу газдан коргонууда. 21.11.011

Каирдин Тахрир аянтында 22 киши набыт болду. 3 күндөн ашуун уланган нааразылык акцияларынын катышуучуларына полиция күч колдонууда.

Тахрир аянты феврал айында мурдагы президент Мубаракты бийликтен кетирген элдик толкундоонун чордону болгон эле. Ыңкылаптан кийин өлкөдө убактылуу бийлик жүргүзүүнү колго алган Жогорку аскердик кеңеш бийликти жарандык башкарууга өткөрүп берүүнү кечеңдетип жатат деп нааразы болгондор 3 күндөн бери кайрадан аянтка чыгууда.

Каирдин борбордук аянтындагы жүздөгөн демонстранттар коопсуздук күчтөрүнүн запкысына карабай, массалык каршылыктын жаңы толкунун жаратууда. Чогулгандар менен полиция күчтөрү кагылышып, 20дан ашуун набыт кетип, 2 миңге чукулу жарадар болду.

Нааразылыкка чыккандар Аскердик кеңештин бийликти жарандык башкарууга өткөрүүнү атайылап кечеңдетип, коомдук нааразылыкты жаратып жатканын жүйө тартат. Ушул жылдын февралында Египеттеги мамлекеттик башкарууну колуна алган Аскердик кеңеш бийликти биротоло өз колунда кармап калуунун айла-амалын көрүүдө деген сындар айтылууда.

28-ноябрда египеттиктер өлкө тарыхындагы эң маанилүү парламенттик шайлоодо добуш берет.

Европа Биримдиги Каирдеги соңку кан төгүүлөрдү айыптады, шериктештиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон Египеттин убактылуу бийлигин зордук-зомбулукту тезинен токтотууга чакырды.

Окуянын күбөлөрүнүн айтуусунда, полиция менен аскерлер аянттагы адамдарды таркатуу аракетинде көздөн жаш агызуучу газды колдонуп, желим октор менен аткылап, желим таяктарды пайдаланып жатышат.

24 жаштагы Сабри Халед өлкөнүн түндүгүндөгү Гиза шаарында тиш доктур болуп иштейт. Мубарактын бийлигине каршы чыккан Тахрир аянтындагы демонстрацялар маалында далысына 2 жолу ок тийген. “Азаттыктын” кабарчысына Сабри Халед карапайым калк аскердик башкарууну жек көрө баштаганын айтат:

- “Эл Армиянын жогорку кеңешинин зордук-зомубулугуна тойду. Армиянын жогорку кеңеши Мубарактан дагы катаал, Мубарактын бийлиги демонстранттарды тынчытуунун кандай жолдорун колдонсо, булар деле ошону жасоодо. Карапайым эл аскердик башкарууну жек көрөт, биз “аскердик башкаруу токтосун!” деп кыйкырып жатабыз”

Демонстранттарга кошулган 23 жаштагы ишкер Ахмад Айад Тахрир аянтындагы зордук-зомбулукту көрүп, жанынан түңүлгөнүн жашырбайт:

- Бул жерде кан төгүү, адамдар өлүп жатканын улуттук сыналгы көрсөтүүдө, бирок элдер былк этпей турат. Бийликтеги, өкмөттөгү, же Аскердик кеңештегилер чынында эмне болуп жатканын тааныбай турушат. Алар мамлекеттик сыналгыда “биз эч кимди өлтүргөн жокпуз” деп жатат. Бирок сыналгы аянттан түз көрсөтүп, дүйнөдөгүлөрдүн баары эмне болуп жатканын көрүүдө. Ал эми демонстранттар жетиштүү колдоо ала албай жатат.

Египттин убактылуу бийлиги – Аскердик жогорку кеңеш оппозициянын "бийликти өткөрүп берүүнү кечеңдетүүдө, ал тургай биротоло өз колуна кармап калуу аракетин көрүүдө" деген жүйөлөрүн четке кагат. Улуттук сыналгыда окулган билдирүүдө каршылык акциялары эмки аптада өтө турган шайлоого тоскоол боло албастыгы айтылды.

Египет парламентинин жогорку жана төмөнкү палатасына шайлоо 28-ноябрда башталат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG